Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Балбан Амантур Исмаилов Париж Олимпиадасына лицензия алды


Амантур Исмаилов.
Амантур Исмаилов.

Быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов лицензия алды.

Ал 21-апрелде Бишкектеги Арена спорт комплексинде өткөн Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык мелдешинде 67 кг салмакта лицензия үчүн грек-рим күрөшүнөн кытайлык Хусиету Хусиетини 9:1 менен утту.

Ушуну менен 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде 9 жолдомо болду. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андан тышкары сууда сүзүүчү Денис Петрашов лицензия уткан.

19-апрелде Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык мелдешинде эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу жана Эрназар Акматалиев лицензия алган. 20-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова Кыргызстанга дагы бир лицензия утуп берди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG