Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:06

УКМК издөө салынган ишкер Имамидин Ташов кармалганын кабарлады


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп шектелип, издөөдө жүргөн Имамидин Ташов кармалганын кабарлады.

Мекеменин кабарлашынча, Ташов Панфилов районунун Кайыңды айлында кармалган.

«И.Ташов Кыргызстан жана Казакстандын Республикасынын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды”, - деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө.

УКМК Ташов “бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган” деп маалымдады. Учурда тергөө жүрүп жатат.

УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

10-январда УКМК "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Атайын кызмат Имамидин Ташов тергөө абагында отурганда издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган. Андан тышкары ишкерге алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган.

9-январда социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ал былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. Видео качан жана каякта тартылганы белгисиз. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын айткандарын четке каккан.

Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде былтыр октябрда кармалып, 52 млн сом төлөп бергенден кийин 8-декабрда үй камагына чыккан. Ошондон кийин анын кайда экени белгисиз болчу.

Ал УКМКнын маалыматтарынан кийин дагы бир кайрылуу жасап, коюлган айыптарды четке кагып, ал ээлик кылган компания баштаган курулуштарды аягына чыгарып берүүгө аракет кылып жатканын айткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG