Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:54

Челябинскиде эки аялга акаарат келтирген тажик мигранты депортацияланат


Иллюстрация
Иллюстрация

Челябинскиде эки аялдын жолун тороп, акаарат келтирген тажикстандык айдоочу миграция мыйзамын бузганы үчүн депортацияланат. Бул тууралуу региондун полициясы маалымдады.

22-апрелде Readovka Телеграм-каналы окуя болгон жерден тартылган үч видеону чыгарды. Мигрант велосипед минип бараткан аялдардын сырткы келбетин сындап жаман сөз айткан.

Кыздардын бири самбо жана дзюдо менен машыккан Ирина Алексеева Meta Fight ютуб каналына айтып бергендей, тажикстандык айдоочу алардын чолок шым жана майке кийип жүргөнүнө нааразы болуп, "бизде кыздар минтип жүрбөйт" деп айтты.

"Кайсы жерде?" деген суроого ал "Дүйшөмбүдө" деп жооп берген.

Алексееванын айтымында, ал андан ары “бардыгыңар чочкосуңар” деп акаарат келтирген.

Эртеси ал кишини кармашкан. Полиция аны менен түшүндүрүү ишин жүргүзгөнүн билдирип, кечирим сураган видеосун жарыялады. Тартип коргоочулар айдоочу Орусияга акча табууга келгенин, мыйзамдуу жүргөнү такталганы маалымдалган.

Кийин аны миграциялык каттоого жасалма кагаздар менен коюшканы ачыкка чыкты. Орусиядан чыгаруудан тышкары ага айып пул салынды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG