Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:52

Орусияда согушка каршы позициясы үчүн 900дөн көп кишиге иш козголду


Согушка каршы акцияда кармалгандар. Москва, 27-февраль, 2024-жыл
Согушка каршы акцияда кармалгандар. Москва, 27-февраль, 2024-жыл

Орусияда согушка каршы позициясы үчүн кеминде 902 кишиге каршы иш козголгон. Арасынан 261 киши эркинен ажыратылган, башкача айтканда тергөө абагына, колония же күчтөп дарыланууга жөнөтүлгөн. Мындай маалыматты орусиялык укук коргоочу «ОВД-Инфо» медиа долбоору жарыялады.

Алардын статистикасына ылайык, 285 кишиге армия же бийлик тууралуу жалган маалымат таратуу беренеси менен айып тагылган. Бул беренелер Орусия Украинага басып киргенден кийин пайда болгон. "Фейк" деп Коргоо министрлигинин согуш жөнүндөгү версиясына төп келбеген кабарлар таанылат. Мисалы, Украинадагы окуяларга тиешелүү “согуш” деген сөздүн өзүн колдонууга болбойт.

Терроризмди актоо беренеси менен 175 киши айыпталууда. Андай иштерди козгоого себеп катары кремлчил блогер Владлен Татарскийдин киши колдуу болушу, Крым көпүрөсун жардыруу тууралуу жна башка постторду чыгаруу же Орусиянын бийлигин күч менен алмаштыруу чакырыктары болгон.

Согушка каршы позициясы үчүн кесилгендер Чеченстан, Карачай-Черкесск, Ненец автономдуу округунда жана Брянск облусунда гана жок. Эң көбү Москва, Сенкт-Петербург шаарларында жана Свердлов облусунда козголгон.

Бери дегенде 67 киши уруп-сабоо, зордуктоо жана башка кыйноолорго кабылган. Сот жообуна тартылгандардын 260ы гана учурда Орусиядан чет жактарда жүрөт, аларга өкүм сыртынан чыгарылган.

Айыпталгандардын арасында 122 активист, 46 журналист, 43 саясатчы жана 37 искусство ишмери бар. Андан тышкары аскерлер, блогерлер менен мугалимдерге жана “башка кесиптегилерге” иш козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG