Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:25

Өзбекстан Орусия менен АЭС куруу боюнча так чечим кабыл алына электигин билдирди


АЭС Жизак облусунун аймагында Тузкон көлүнүн жанында курулары айтылган. "Узатом" ишканасынын сүрөтү.
АЭС Жизак облусунун аймагында Тузкон көлүнүн жанында курулары айтылган. "Узатом" ишканасынын сүрөтү.

Өзбекстан Орусия менен биргелешип атомдук электр станциясын (АЭС) куруу долбоору азырынча жалпы билдирүүлөр деңгээлинде гана турганын айтты. «Азаттыктын» өзбек кызматы бүгүн 3-майда «Узатом» компаниясынын башчысы Азим Ахмедхожаевдин айткандарына таянып жазгандай, сүйлөшүү жүргүзүлүп, жалпы билдирүүлөр жасалууда, бирок азырынча так эч нерсе жок.

Өткөн аптада Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун орун басары Кирилл Комаров АЭС куруу келишими боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүрүп жатканын айткан.

«Узатом» ишканасына башчы болуп бир ай мурда дайындалган Ахмедхожаевдин айтымында, атом энергетикасы боюнча кандайдыр бир конкреттүү сүйлөшүүлөр башка өлкөлөр менен жүргүзүлгөн жок, бирок Өзбекстан андай сунуштарды карап чыгууга даяр.

Расмий Ташкент менен Москва Өзбекстанда АЭС куруу жаатында кызматташуу тууралуу келишимге 2018-жылдын сентябрында кол коюшкан. «Росатом» ВВЭР-1200 реактордук түзүлүшү бар «3+» муундагы эки энергоблоктон турган комплекс куруп бермей болгон. Долбоор Өзбекстандын бюджеттик каражатынан жана Орусиянын мамлекеттик насыясынан каржыланары айтылган.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги АЭСтин блоктору 2030-жылга карата өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгынын 15-18% жаба баштарын убада кылган.

Бийликтин атомдук электр станция куруу демилгеси өзбек коомчулугу арасында экологиялык коопсуздук боюнча кооптонуу жараткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG