Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:15

Сузактагы балдар атайын борт менен Бишкекке жеткирилди


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана билим берүү министри Сузактагы ооруканага барган учур.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана билим берүү министри Сузактагы ооруканага барган учур.

3-майда Сузактагы "Портер" тебелеп кеткен 10 баланы атайын борт менен Бишкекке алып келишти.

Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары жазды.

Оор абалдагы балдар туугандарынын көзөмөлү астында Бишкектеги тез жардам кызматынын шаардык балдар клиникасында дарыланары кабарланды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Сузакка барып, ата-энелер менен жолугушканда абалы оор балдар Бишкекке учак менен жеткирилип, дарыланарын айткан.

Ташиев жандандыруу бөлүмүндөгү беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон, жабыркаган 30 балага 50 миң сомдон тапшырган.

2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу боюнча 3 миң окуучу катышкан сынакта дөңдөн ылдый жылган машине балдарды коюп кеткен. Кырсыктан 30дан ашык бала жабыр тартып, бешөөнүн абалы оор экени кабарланган.

Жалпысынан 30 бала жабыркаган. Окуучулар алгач Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына, Сузакта жана Октябрь кыштагындагы бейтапканаларга жаткырылган. Жабыркагандар 9-16 жаштагы өспүрүмдөр.

Сузакта окуучуларды автоунаа коюп кеткен окуядан кийин өлкө аймагында "Манас айтуу" фестивалы токтотулду.

Кырсыкка себепкер "Хундай-Портер" машинесинин айдоочусу кармалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG