Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:41

Кытай Айдын арткы тарабына ракета жөнөттү


Кытайда космостук изилдөөлөрдүн тарыхында биринчи жолу Айдын алыскы тарабындагы топурак үлгүлөрүн Жерге алып келе турган миссия ишке кирди.

"Чанъэ-6" ракетасы "Вэнчан" космодромунан 3-майда учурулду. Аппараттын аталышы кытай мифологиясындагы Ай кудайынын урматына коюлган.

Миссия 53 күнгө созулат. Ал талдоо үчүн эки килограммга жакын ай реголиттерин чогултат.

Зонд Айдын көрүнбөгөн тарабына ийгиликтүү конуудан тышкары, илимий эксперименттерди жүргүзүүгө тийиш. Эгер бул ишке ашса, "Чанъэ-6" Айдын арты бетиндеги кум-таштын үлгүлөрүн Жерге алып келген тарыхтагы биринчи космостук миссия болуп калат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG