Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Bloomberg: Түркия Израил менен соодасын толук токтотту


Израил армиясынын Газа тилкесиндеги аскердик операциясынан улам Түркия Израил менен соода-сатыкты толук токтотконун Bloomberg агенттиги түркиялык эки аткаминерге таянып билдирди.

Азырынча бул маалымат расмий тастыктала элек. Бирок Израилдин Тышкы иштер министрлигинин башчысы Исраэл Кац өзүнүн X баракчасына "Анкаранын бул чечими эл аралык соода келишимдерин эске албай, түрк элинин жана бизнесинин кызыкчылыгына шек келтирет", - деп жазды.

Кацтын айтымында, Израил Түркия менен соода альтернативасын түзүү максатын көздөйт.

Reuters агенттиги Анкаранын чечими Израилге экспортко мурда киргизилген чектөөлөрдү дагы кеңейтерин жазды.

Түркиянын статистикалык мекемесинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 2023-жылы 6,8 миллиард долларды түзгөн. Анын 76% түрк экспортунун салымына туура келет.

Өткөн аптада Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара Израил менен соода алакасын өнүктүрбөй жатканын билдирген. Түрк лидери Израил бийлигин Газада 45 миңден ашуун палестиналыктын өлүмү, ал жактагы апаат үчүн айыптап келет.

Апрель айынын башында Түркиянын Соода министрлиги Газада ок атышуу толук токтоп, палестиналыктарга үзгүлтүксүз гуманитардык жардам орнотулганга чейин Израилге өнөр жай товарларынын 54 түрүн экспорттоого чектөө киргизерин билдирген. Андай товарлардын арасында болот, пластик түтүктөр, алюминий зымдары, мотор майлары, цемент, минералдык жер семирткичтер жана башкалар бар. Израил буга кандай чара көрө турганы айтылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG