Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:41

Жапаров Сузактагы окуяга себепкер болгондорго чара көрүлөрүн айтты


Жабыркаган балдар Бишкектеги ооруканага жеткирилген учур.
Жабыркаган балдар Бишкектеги ооруканага жеткирилген учур.

Сузакта балдарды автоунаа тебелеп кеткен окуяга себепкер кишилерге комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен чара көрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 4-майда ооруканада жаткан балдардан кабар алганда айтты.

Мамлекет башчы ата-энелер менен сүйлөшкөндө болгон окуяга өкүнүп турганын, массалык иш-чарадагы коопсуздукка кайдыгер мамиле кылгандардын иши териштирилип жатканын белгиледи.

2-майда Сузак районунда үч миң окуучу катышып жаткан "Манас айтуу" фестивалында дөңдөн ылдый жылган машине балдарды коюп кеткен. Кырсыктан 30дан көп бала жабыр тартып, ондон ашууну ооруканага түшкөн. Алардын бешөөнүн абалы оор экени кабарланган. Он бала жума күнү Бишкектеги балдар ооруканасына атайын борт менен жеткирилген.

Бул окуядан кийин өлкө аймагында "Манас айтуу" фестивалы токтотулган. Иш-чара президенттик администрациянын колдоосу менен республика боюнча өтүп жаткан эле.

Катуу жабыркаган беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон, башка жараат алган балдарга 50 миң сомдон бөлүндү. Мамлекет башчынын тапшырмасы менен окуянын чоо-жайын териштирген комиссия түзүлгөн.

Балдарды тебелеп кеткен "Хундай-Портер" машинесинин айдоочусу кармалып, милиция кылмыш ишин козгогон. Күбөлөр муну кокустук, кырсык деп сыпаттап жатышат.

4-май күнү президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жыйын куруп, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукка көңүл бурууну белгилеп, аны аткарбагандарга чара көрүлөрүн эскертти. (SE\TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG