Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Сузактагы окуядан кийин милиция жетекчилери иштен алынды


Окуя учурунда тартылган видеодон алынган сүрөт. 2-май, 2024
Окуя учурунда тартылган видеодон алынган сүрөт. 2-май, 2024

Сузакта балдарды автоунаа тебелеп кеткен окуяга байланыштуу милицияда иштеген бир катар жетекчилер кызматтан алынды.

Мекемелер аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, аны орун басары, фестиваль өткөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы жумуштан бошотулду. Андан тышкары, коопсуздук маселесине көңүл бурулбаганы үчүн 12 кызматкер тартиптик жазага тартылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы 4-майда билдирди.

Облустук милициясынын жетекчилик курамына, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн бир нече кызматкерине да тартиптик чара көрүлдү.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы да убактылуу иштен четтетилген.

2-майда Сузак районунда үч миң окуучу катышып жаткан "Манас айтуу" фестивалында дөңдөн ылдый жылган машине балдарды коюп кеткен. Кырсыктан 30дан көп окуучу жабыр тартып, ондон ашууну ооруканага түшкөн. Алардын бешөөнүн абалы оор экени кабарланган. Он бала жума күнү Бишкектеги балдар ооруканасына атайын борт менен жеткирилген.

Бул окуядан кийин өлкө аймагында окуучулар арасында өтүп жаткан "Манас айтуу" фестивалы токтотулган. Иш-чара президенттик администрациянын колдоосу менен республика боюнча уюштурулган.

Катуу жабыркаган беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон, башка жараат алган балдарга 50 миң сомдон бөлүндү. Мамлекет башчынын тапшырмасы менен окуянын чоо-жайын териштирген комиссия түзүлгөн.

Балдарды тебелеп кеткен "Хундай-Портер" машинесинин айдоочусу кармалып, милиция кылмыш ишин козгогон. Күбөлөр муну кокустук, кырсык деп сыпаттап жатышат. (SE\TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG