Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:22

Байден Израил Рафахта операция баштаса АКШнын жардамы чектелерин айтты


Жо Байден.
Жо Байден.

Кошмо Штаттар эгер Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өз аскерлерине Газа секторунун Рафах шаарына ири чабуул баштоо тууралуу буйрук бере турган болсо курал-жарактын айрым түрлөрүн жөнөтүүсүн токтотот. Бул тууралуу 8-майда CNN телеканалына курган маегинде АКШ президенти Жо Байден билдирди.

Байден Израилдин Газада жети айдан бери жүрүп жаткан чабуулдарында бул өлкөгө берилген америкалык бомбалар жай тургундардын өлүмүнө алып келгенин моюнга алып, Кошмо Штаттар Израилди колдоосун улантарын, ракеталарды атып түшүрүүчү системаларды жана башка коргонуу курал-жарагын жөнөтө берерин айтты. Бирок Рафах маселесине келгенде АКШ Израилдин ал жакта жүргүзүшү ыктымал операциясын курал менен жабдыбай, артиллериялык снаряд да жөнөтпөй турганын билдирди.

Газанын түштүгүндөгү Рафах шаары, Израилдин маалыматына караганда, 7-октябрдагы кол салууну уюштурган ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) согушкерлеринин акыркы таянычы болуп турат.

Бирок бул шаарда Израилдин сектордун башка аймактарындагы чабуулдарынан качып барып, баш калкалап турган жүз миңдеген, айрым маалыматтарга караганда, миллионго жакын жай тургун да бар экени айтылып жатат.

Reuters агенттиги Байдендин бул билдирүүсүн азыркы тапка карата эң катуу комментарий деп атады. Анын айтканы Израилди Рафахта толук масштабдуу операция баштабоого мажбурлашы ыктымал экени белгиленүүдө.

Байден израилдик аскерлер Рафах боюнча «кызыл чектен» өтө электигин айтып, Израил Газадагы жай тургундарды коргоо үчүн көбүрөөк аракет кылышы зарылдыгын кошумчалады.

Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунун Египет менен чектеш тилкесиндеги «Рафах» көзөмөл-өткөрмө бекетинин сектор тарабындагы бөлүгүн өз көзөмөлүнө алганын 7-майда билдирген.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик жети айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 34 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда.

Көптөгөн өлкөлөр Израилди жай тургундарга өтө ырайымсыз мамиле жасап жатат деп айыптоодо, ал эми израилдик аскерлер ХАМАСтын гана инфраструктурасын жок кылып келатканын, согушкерлер элди тирүү калкан катары колдонуп, объектилерин эл көп жашаган жерлерге орнотуп жатканын айтууда.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG