Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:48

Путин жана Пашинян Армениянын айрым аймактарынан орус аскерлерин чыгарууну макулдашышты


Никол Пашинян жана Владимир Путин. 2024-жылдын 8-майы.
Никол Пашинян жана Владимир Путин. 2024-жылдын 8-майы.

Орусиянын Армениянын бир катар аймактарында жайгашкан аскерлери жана чек арачылары чыгарылмай болгону тууралуу маалыматты бүгүн 9-майда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тастыктады. Бул тууралуу келишим 8-майда Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ортосунда жетишилгенин армян тарап кечээ маалымдаган.

Песковдун айтымында, "армян тараптын өтүнүчү боюнча" орусиялык чек арачылар “армян-түрк жана армян-иран чек ара тилкесинде калышат". Советтик, андан соң орусиялык чек арачылар ал жакта СССР урагандан кийин да кала беришкен.

2020-жылы Армениянын Азербайжан менен Тоолуу Карабак боюнча жаңжалы курчуганда азери аскерлери басып киргенин айткан армян өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча орусиялык чек арачылар жана аскерлер Армениянын бир катар түштүк жана чыгыш аймактарына жайгаштырылган. Эми расмий Ереван аларды чыгарып кетүүнү өтүндү.

Путин менен Пашиняндын жолугушуусу эки өлкө ортосунда чыңалган абал түзүлгөн учурда өттү. Армениянын өкмөт башчысы Азербайжан Тоолуу Карабакка көзөмөлүн өз колуна алган жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) таяна албай турганын бир нече жолу айткан. Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптоодо.

Бирок орус президенти Путин Пашинян менен жолугушууда Орусия жана Армения ортосундагы эки тараптуу мамилени жана экономикалык алаканы жогору баалады, ал эми Песков "Москва Ереван менен мындан аркы кызматташтык келечегин жалпысынан оң баалай турганын» билдирди.

Бирок андан бир күн мурда, 8-майда, Армения ЖККУдагы каржылык катышуусун токтотуп жатканын жарыялады. Андан мурдараак бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтоткон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG