Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:22

ТИМ медиаларды жана элчиликтерди текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 18-майга караган түнү Бишкек шаарында чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуяга байланыштуу билдирүү таратты.

Мекеме жабыркагандар тууралуу туура эмес маалыматтар тарап жатканын билдирип, медиаларды жана элчиликтерди текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырды.

“Окуя тууралуу маалымат түшкөн учурдан тартып Кыргызстандын укук коргоо органдары окуяга катышкан адамдарды, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды жана Кыргызстандын жарандарын кармоо боюнча ыкчам чаралар көрүлгөн. Кырдаал толугу менен күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө болуп, жарандардын коопсуздугу жана коомдук тартип камсыз кылынган. Окуяга катышкандардын арасында оор жараат алгандар жок. 15ке жакын жаран медициналык мекемелерге текшерүүдөн өтүү үчүн кайрылган. Жабыркаган чет элдик жарандар боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине эч кандай билдирүү түшкөн эмес. Ошону менен бирге министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү жалган жана текшерилбеген маалыматтарды таратпоого чакырат”, – деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Буга чейин пакистандык айрым маалымат каражаттары Бишкекте 18-майга караган түндөгү "окуяда каза болгондор бар болушу мүмкүн" деген маалыматтарды жазып чыккан. Пакистандын Бишкектеги элчилиги бул маалымат ырасталбаганын маалымдап, алардын 14 жараны сабалганы тууралуу кабар алышканын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 18-майга караган түнү борбордо катталган окуяларда 29 адам жараат алды. 15 адам Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

18-майдын таңына карата тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

12 жабырлануучу ар кандай жарааттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыккан. Улуттук госпиталда жаткан бир бейтап – пакистандык жаран жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган. Ал операцияга даярдалып жатат.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты. Мындан кийин Бишкек шаарынын көчөлөрүндө ондогон жарандар топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон.

Бишкектин Свердлов райондук милициясы окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын “Азаттыкка” билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG