Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Шакир: Улуттун рухий айбатын түптөйлү


Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

  • Олжобай Шакир абактан жазган кезектеги катын адвокаты аркылуу берип жиберген. Автордун көркөм чыгармасы өзгөртүүсүз берилди жана ал "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Мен бу саам күндөлүгүмдү Мекендин, эл-жердин тагдыры үчүн чын ыкластан күйгөн жакшы санаалаш, тилектеш досторум тууралуу жазуудан баштайын деп турам. Элеттик акын Шабдан Сулаймановду калайыктын баары мыкты акындыгы үчүн эле эмес, бийликтин кемчилигин көзгө сайып көрсөтүп келе жаткан батыл туруму үчүн да баалайт. Күн тийген жердин күкүгү болбой дайыма ак сүйлөп, чындыкты жазган таланттар элге гана эмес, бийликтегилерге да керек, эгер алар узагын ойлосо. Негизи акын деген Шабдандай эле болушу керек. Ар кимге жагынып-жагалданып, мактап-жактап арзымат болгондон Кудай сактасын! Мен арзыматты атайын кичине тамга менен жазып жатам. Анткени андайлардын баары көрүнгөндүн таман астында тепселип жүргөн курт сыяктуу майда, мажирөө, бечара болот эмеспи. Андай шордууларды кантип анан адам катарына кошуп баш тамга менен жазасың!

Борбор калаада чычайган акындар көп. Китеби чыкса, чыйт түкүрүп, бой көтөрүп жүрөт. Элетте жаткан орошон таланттардын бири Шабдан Сулаймановду таназар албай келебиз. Шабдандын көркөм поэзиясын окуганда көөдөнүң толо түшөт. Акындык бийик дараметине ыраазы болосуң.

Нукура талантты, жөнөкөйлүктү, элеттик илепти туясың. Поэзиясынан тышкары Шабдандын жарандык туруму да дем-күч берет. Адабий айдыңда жүргөндүн көбү коомдук-саясий жараяндарга бурчтан шыкаалап, саксынып мамиле кылса, Шабдан ар дайым калыс, адилет көз карашын тайманбай туюндурат. Бийликтин алешемдиктерин ачык ашкерелеп, ачык жазат. Тилекке каршы, чыгармачыл чөйрөдө Шабдандай Сөз ээлери өтө сейрек! Коомдогу адилетсиздикти бөлөк үзөңгүлөштөр деле көрүп-билип турат, бирок алардын тили тар чөйрөдө гана күрмөөгө келет. Жандары ширин. Өзүн, үй-бүлөсүн аяйт, кандай болуп кетер экен деп чочулайт көбү. Эл, жер тагдыры алар үчүн маанилүү эмес.

***

Акындардын мажирөөлүгүн буга чейин да кеп кылдык. Тек, мунубуз адабият өкүлдөрү чыйрак, чечкиндүү болсок деген тилектен улам айтылган кеп. Улуттук адабиятыбызда кайсы бир даражада жарандык туруму Шандор Петөфини эске салган Шабдандай калемдештер арбый берсин дейли...

17.01.24

Учурунда мыкты таланттардын көбү өз чөйрөсүнүн чегинен чыга албаганын канча кезиктирбедим. Муну Салижан Жигитов акенин айткандарынан улам да баамдап калган жайым бар. Мага эмне үчүн бизде улуттук адабий чөйрө калыптанбаганын ошол киши туюнткан эле. “Акын-жазуучулардын арасында жаатташкандар толтура, ошолордон алыс бол, аралашпа!” – деген болчу кайран устат. Ошол кеби мени оң жолго салды. Акын-жазуучунун көбү ыйкы-тыйкыдан башы чыкпай жүрүп, Жазуучулар союзу мурдатан эле жаат-жаат болуп келгени анык. Ал тургай түндүк-түштүккө бөлүнүү оорусу адабий журттан башталганына кайран көкжал жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков катуу кейип, капа болгон жайы бар дешет.

Бир курдай көлдүк, нарындык жаш акындар Т.Сыдыкбековдун алдына барышат. “Сиз аксакалдык кылып, түндүктөн чыккан жаштарды канатыңызга калкалаңыз” деген таризде даттанышса керек. Тагыраагы, Ж.Мавлянов, Т.Касымбеков баш болгон калемгерлер түштүктөн келген жаштарга боор тартып, камкордук көргөнүнө ичтери күйгөндөр Сыдыкбековдон колдоо издеген шекилдүү. “Балдар, минткенибиз болбостур”, – деп баш чайкайт кайран жазуучу. Анан жаштардын да көңүлүн оорутпай, жүйөлүү нуска кебин төмөнкүчө туюндурган экен акылман кары.

- Сууда сүзгөн чабак балыктарды көрдүңөр беле? – деп сурайт алардан.

- Көргөнбүз, – деп жооп беришет баары бир ооздон.

- Алар дайыма топ-тобу менен сүзүшөт, туурабы?

- Туура, – деп чурулдашат.

- Ап-бали! – дептир ошондо акылман Түкөбүз. – Анткени чабактар майда болгону үчүн тобу менен жүрөт. Кагылайындар, силер акула, кит болгула! Ири балыктарча жоксуңарбы? Ар кимиң өз өзүңчө чоң акын болгула, – деп жаштарга оң жолду нускалаган экен жарыктык.

Айрым калемгерлердин оозу-мурду кыйшайбай туруп “жер жарылса акындын жүрөгү аркылуу өтөт” дегенин укканда күйбөгөн жериң күл болот. Жалпы Жер жүзүн мындай кой, өз Мекенине жүрөгү тыз этпеген “акын” сөрөйлөр толтура бизде!

Мындайча айтканда, Мекен, эл-жер тагдырына келгенде демейде жалындуу саптарды жазып жүргөндөр дудук, сокур болуп калышат. Баягы мекенчил, улутчул туюмдары каякка жоголгонуна ошондо таң каласың. Мекендин тагдыры устаранын мизинде турганда калыс сөзүн айта албаган андай жазмакерлердин барынан жогу дегиң келет.

Ыраматылык акын, публицист Алым Токтомушев күйгөнчөлүк эле бар. Ал киши: “Адабияттын төрү бутту сүрбөй кире берчү коридор эмес”, – деп көп айтар эле. Бизде адабият төрүнө же жарытарлык акындык, жазуучулук шыгы жок, же жаран катары өзүнүн туруктуу пикири жок адашып өтүп алгандар толуп жатат. Алар Жазуучулар союзуна мүчө болгонуна корстон. Кошоматчылар мектебинен таалим алган андайларга жарандык турум деген нерсе такыр буюрган эмес. Анан ооз көптүрүп кайдагы “жердин жаракасы”, кайдагы “акындын жүрөгү” жөнүндө кеп кылышат дейм да!

***

Адабий чөйрөдө өзүм сыйлаган, адамгерчилиги жогору, чыгармачылык дээр-дарамети орошон дагы бир үзөңгүлөшүм бар Ал – акын, журналист, жарандык коомдун өкүлү Марат Токоев. Кезинде Марат досум, дагы бир мыкты акын Жыргалбек Касаболотов үчөөбүз учур адабиятынын интернет порталы болсун деп “Кыргыз маданият борборун” негиздегенбиз. Ошол күндөн бери аталган сайтыбыз өз алынча иш жүргүзүп келет. Окурмандар кыйналбай таап окусун үчүн далай акын-жазуучулардын эмгектери жүктөлгөн.

Мен кийин өз алдымча адабий аянтча түзүү максатында “РухЭшти” түптөдүм. Бул сайтты уюштурууга таратуу кол кабыш кылып, киндигин кескен да Марат Токоев болду. Башында техникалык редактор вазийпасын да аркалап жүрдү. Далай жол-жобосун үйрөттү. “РухЭш” оозго алынып калган кезде Эл акыны Акбар Рыскулов агабыз: “Элдин баары эле сенин сайтыңды кеп кылат, мен да Жазуучулар союзуна (ал кезде Акбар байке Жазуучулар союзунун төрагасы болчу) кантип сайт ачтырсам болот?” – деп сурап калды. Мен жан дилимден билген кеңешимди айтып, Марат Токоев аларга да адабий сайт ачып берген болчу. Андан бери жарытылуу иштеткендерин да көрбөдүк.

Тилекке каршы, Марат досумдун учур адабиятын жандандыруу үчүн жасаган эмгеги баркталып-бааланбай келет...

Жарым жан адабиятыбызга дем берүүнү акындык дагы, адамдык дагы парзым деп билген М.Токоев азыр да бул жаатта көп аракет жасап жатат. Мындан тышкары, Марат досумдун калыстыктан тайбаган жарандык активдүүлүгү да башка замандаш, калемдештерге өрнөк-үлгү болууда. Тилегим, М.Токоев сыяктуу чыныгы мекенчил акын-жазуучулар арбыса дейм.

Досума кат

(Акын, жарандык активист Марат Токоевге арнайм)

Йе досум, жашоом дурус абактагы,
Кеңири, кенен жетер тамак жагы.

Аяшың ачка күнгө калтырабы,
Ал менсиз чебелектеп жаны тынабы?

Уяда балапанга канат жайган
Куш сымал тамак ташыйт абак жайга.

Койбодум бу жакта да жиндиликти,
Жаратып жатам далай ийгиликти.

Канаттуу саптар сызып калемимден,
Калкагар тоолор учат карегимден.

Күн-түнү элес болуп санаадагы,
Туулган жер: таш, кум, адыр, талаалары...

Кусалык, бугум батпай жүрөгүмө,
“Кайтчу күн качан?” – деймин түнөгүмө.

Сагыныч тамырдагы, жүлүндөгү –
Очоктун от, түтүнү үйүмдөгү.

Сагынчым – мени күткөн окурмандар,
“РухЭшти” күндө тиктеп отургандар!

Сагынчым – сендей достор, санаалаштар,
Мен жокто аяшыңа каралашкан.

Сагынчым – санаа чеккен туугандарым,
Жүздөрүн көз жаш менен жуугандарым.

Сагынчым – кыз-келиним, балдарымда,
Санаа-муң – Назгүлүмдө, ардагымда!

Сагынчым – эки балам... Оңой болбой:
Энеден эрте жетим... чоңойгондор.

Санасам бүтпөс, досум, сагынычтар,
Сапырып жан-тенимди алып учкан.

Кусалык, убайымдар сезимдеги –
Курулган сепил бийик өзүмдөгү!

Ал сепил – муң-зар, кайгы-касиреттен,
Ар жандын жүрөгүнө таасир эткен.

18.01.24

Бырылдабайлы, ыйлактабайлы. Алп Адабиятка буралы кепти. Кыргыз адабиятында өзүн мырза, жигит санаган, бирок белдемчи жарашкыдай акындар көп. Ырларында муңканып жашык, кайратсыз. Арийне, адам башына кайгы-муң келбей койбойт, кача албайбыз андан. Бирок кайгыны да, оорчулукту да сабырдуулук менен жеңиш керек да! Бизде жашык акындар өтө көбөйдү. Аларга караганда кыз-келиндер поэзиясында кайраттуулук, сабырдуулук бар. Окурмандарды чыйралтып турган саптарды кыз-келиндердин ырларынан көбүрөөк кезиктиресиң.

Муну айткан себебим (мурдагы күндөлүктөрүмдүн биринде да жаздым эле), абакта да шалкы бош, ыйлактап мурдунун суусун тарткан сомодой жигиттерди көп кезиктирдим. Алардын убактылуу сыноону көтөрө албай бышактап отургандарын көрүп ардандым... Кыргыз урпагы эмне үчүн мынча бечел, жүүнү бош болуп баратат?!.

Элибиздин рухий кайраты кайда кеткен? Жигиттик касиеттен кол жуугандар эмне мынча көп? Короого сейилге чыкканымда кыз-келинге ынак жаным, алар менен кобурашып калам. Кыз-келиндерибиз темир тор артында да өтө чыйрак келет экен. Кадыресе шыңкылдап күлүп, мени менен көпкө тамаша курушат. Эркекмин дегендер менен сүйлөшө баштасаң, бечаралар муңканат. Коргондон ары аттап жанына жакындасаң, көкүрөгүңө башын жөлөп ыйлап ийчүдөй бошоң.

***

Бала бакчадагы тарбиячылардан баштап мектептердеги мугалимдерге чейин көпчүлүгү аялдар болгон үчүнбү, соңку кыргыз урпагы (өзгөчө эркектер) өтө эле мажирөө болуп баратат. Бул жалпы улутту тынчсыздандыра турган маселе. Бул тууралуу эл башылар да ойлонсо дейм. Улуттун саны эмес, сапаты маанилүү! Арийне, биз калемгерлер дагы эрки бекем, өжөр, кажарлуу муунду тарбиялай турган жалындуу чыгармаларды жазууга тийишпиз! Улуттун рухий айбатын, кайратын түптөйлүчү, туугандар!

***

Алп Адабият жаратам деген дымактын өзү чоң таяныч, зор жөлөк экенин абакта жатып түшүндүм. Эгер темир тор артында адабият менен алектенбесем, абалым кандай болмок?. Башка камалгандардай камерада мусапыр болуп олтурмакмын саат санап, күн санап. Мен баш көтөрбөй, күнү-түнү ойлогонум адабият болду. Ой багып, сөз багуу күнүмдүк эрмегиме, күнүмдүк жашоомо айланды. Мен дагы пендемин, камоодон тажаган, кусалык, убайым тарткан сааттарым да болбой койгон жок. Бирок анын баары кыска мөөнөттүк убайым, санаалар эле. Андай кездерде медитация мени сактады.

Өз демимди, кан тамыр, жүрөк түрсүлүн гана тыңшаган мүнөттөр мени кусалык, сагыныч, убайымдан алаксытып, айжаркын ойлордун курчоосунда кайрадан адабиятка сүңгүй бердим... Абакта өзүмө-өзүм рухий ыракат тартуулап, өзүмө-өзүм ошентип эш болдум. Эч бир бекер өткөргөн күнүм болбоду. Канчалаган китептерди окууга жетиштим. Эң башкысы – “Азаттыкка” жазган күндөлүк эсселеримде өз тагдырымдагы урунттуу мезгилдерди кагазга түшүрүүгө мүмкүнчүлүк таптым. Боштондукта жүргөнүмдө, балким, буга эч качан чыгынмак эмесмин.

Албетте, бийликтин калпыс кадамдарын сындап, такай акыйкатты айтып келген жарандык турумум мени темир тор артына түрттү. Ырас, абактагы жашоо, турмуш сыноосу мага жеңил болгон жок. Бирок өзүмдү чыйралтып, өзүмдү дагы да жакшыраак таануу үчүн мындан да оор сыноолорго даярмын. Адабияттын өзү – мен үчүн чыныгы жашоо.

Чыгармаларымда окурмандарга күчтүү таасир эткен Жек Лондондун эр жүрөк, майтарылбас, ашкере кайраттуу каармандарындай каармандарды жаратууну тилек кылуудамын. Анүчүн өзүм да калтырап-титиреген коркок жазуучу болбошум керек. Рухий деградацияны башынан өткөрүп жаткан элибиздин аң-сезимин, баам-парасатын ойготуунун, дилин агартуунун башка жолун көрө алганым жок. Алп Адабиятты жаратуу түйшүгү жаздыкка тынч уктатпаганы да мына ошон үчүн, азиз окурманым!

Эртеби-кечпи - абактан бошойм. Чыгам. Окурмандар журту менен кезигишер күндөр алдыда. Болгондо да жакынкы мезгилдерде чоң адабий форумдарды, адабий кечелерди уюштуруу максатым бар. “Абактан адабий базарлык” аттуу көлөмдүү эмгектин ичинде бөлөк чыгармалар менен катар чакан пьесалар да жазылды.

Буга чейинки абак турмушун күндөлүк эсселеримде жазып келсем, бул мертебе сахналаштырылганы, балким, кызыктуу болор.

Сыртта, боштондукта жүргөнүмдө моюн жар бербей жүргөн далай иштерди темир тор артында бүтүрдүм. Улуттук адабиятыбыздын кайра жаралуу мезгилин башкалардан күтүүгө чыдамым жетпеди...

“Жалгыз кишинин колунан эмне келет?” – дегенге шылтоолойт баары. Мен буга түк макул эмесмин. Жалгыз киши жаамы журттун көз карашын, аң-сезимин өзгөртүү кудуретине ээ экенин өз мисалымда ырастагым бар!

***

Бүгүн да сотто ишим каралат. Азыр түнкү саат 4:15. Жазып жатканымды токтотум. Дагы да жаза берет элем, бирок манжаларым канжалап, жарылып кетти. Күндө дарылайм, бирок күнү-түнү кагаз жазган колдо тамтык калбады. Кечээ күндүзү кечке дептерден-дептерге дагы бир жаңы повестти көчүрдүм. Колума даки орогонума болбой, манжаларым ийне менен сайгылагандай тызылдап, ишимди аргасыз токтоттум...

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG