Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

Турусбек Мадылбай: Орозкулдар элди эзүүгө жардам беришкен


Турусбек Мадылбай.
Турусбек Мадылбай.

Жазуучу жана котормочу Турусбек Мадылбай менен маектин экинчи бөлүгүн сунуштайбыз. Бул жолу автордун совет доорунун акыркы жылдары жазылган “Күкүнүс” романы, котормо жана тилге байланыштуу кырдаал тууралуу сүйлөшөбүз.

Турусбек Мадылбай – белгилүү жазуучу, котормочу жана агартуучу. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү адабий сынактардын жеңүүчүсү. “Дубал,” “Күкүнүс” ("Феникс"), "Toktogool-Liverpool" ж.б. чыгармалардын автору. Дүйнөлүк классикадан ондон ашуун көркөм чыгарманы которгон. Турусбек Мадылбайды замандаштары отуздан ашуун тил билген полиглот катары да таанышат. Учурда Токтогул районундагы мектептердин биринде сабак берет.


- Өткөн жолку маекте "Күкүнүс” романыңыз жөнүндө учкай сөз кылдык эле. Эми кененирээк токтололу. Мен аны окуп жатканда Ч.Айтматовдун Орозкулун эстедим. Айтматовдун Орозкулун окурмандар кыргыздын образы деп чечмелеп жүрөт. Сиздин Орозкулуңуз кимдин образы?

- Бул СССР доорунда кыргыздын сатылган бүт жетекчилеринин бейнеси. Компартиянын мүчөсү болгон кошоматчылар, партияга өтө калып, кызматтык тепкичтен көтөрүлө берчү. Муз-Төр – бул Токтогул шаарынын эски аталышы. Азыркы аталышын колдонбогонумдун себеби - Токтогул акын жөнүндө экен деп ойлоп калышпасын дедим. Муз-Төр деген жерлер Нарында, башка аймактарда да бар. Бул жалпылаштырылган мейкиндик. Муз-Төр шаарын менин каарманым 73 жыл башкарат. Совет өкмөтү да 73 жыл туруп, анан жок болду го. Каарман төшөктө жатып быкшып, чирип жок болду. СССРге кайтабыз дегендер окуп көрүшсүн, ал кандай мамлекет болгонун билишсин. Кыргызды кантип басып алган, жерин тартып алып, элди кордогон эле? Кимдин колу менен? Ошол Орозкулдардын колу менен. Орозкул - бул орустун кулу. Чыңгыз Айтматов “Ак кеме” повестинде Орозкул дегенде ушундай кыйыткан.

Тасманы көргөн болсоңор эсиңердеби, Орозкул (Орозбек Кутманалиев аткарган), “можина" дедиртип элди зарыктырсам, үч бүктөп чөгөлөтсөм деп кыялданат эмеспи. Орустун арагын ичип алып, кыргыздын токойлорун сатып, кыргыздын нарк-насилинде болбогон зөөкүрдүккө барып, аялын кордоп, кайнатасын сабап, ыйык бугуну аттырып, баланын сууга агып кетишине себепкер болду.

Айтматовдун бул кыйытуусун эч ким айтпай, түшүнбөй жүрөт. Кыргызда Орускул деген ат жок (Эгер түз эле ошондой атап койсо, повестти цензура өткөрбөйт эле), бирок Орозкул бар. Түшүнгөн түшүнөт, түшүнбөгөнү ошол бойдон калат.

Райкан Шүкүрбековдун чыгармасында Жаныбек менен айтышкан Гүлбайра “түшүнсөң түшүнөрсүң, түшүнбөсөң дагы бирөөнүн мээсин бүтүрөрсүң” дейт эмеспи.

Маектин аудиосун бул жерден уга аласыз:

- Мен романдагы Муз-Төрдүн баянынан бүтүндөй Кыргызстандын тарыхын көрдүм. Анан ошол аймакта сак уруулары байырлаган доордон бери бийликтин табияты өзгөрбөгөнүн жазыпсыз...

- Бийликтин табияты өзгөрбөй эле келет. Зулум падышалык, караңгы эл. Бизде эле эмес, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Франция – бүт дүйнөдө ушундай. Француздарда Марат, Сен Жюст, Робеспьерлер өткөн. Француздар революция жасап, бир сыйра тазаланып алышкан. Орусия дагы Ленинден кийин кичине тазаланышты эле кайра бузулушту. Аларда деле революционерлер бири-бирин репрессиялап, жок кылышкан. Мисалы, Троцкийди балта менен чаап өлтүрүшкөн.

Менин туулган жерим Кетмен-Төбөдөгү эл романдын каармандарын тегиз тааныйт. Бул "тиги райкомдун катчысы", "тиги баягы ошол катчы экен", "бул жерде баланчаны, түкүнчөнү жазыптыр" деп баарын таанып алышты. Мындай карасаң, Кетмен-Төбөдөгү эле окуялар. Андан ары карасаң - Кыргызстан, ошол эле Орозкулдарды тааныйбыз. Кененирээк карасаң – Советтер Союзу. Мисалы, Лениндин күмбөздө жатканын көрдүңүзбү романдан? Орозкул өзүнүн үйүн күмбөз кылып алган, алжып калса да өлө элек. Ошол эле күмбөз. Кошуналары өтүп баратып, быкшыган жытты сезет. Ал эми кеңири алкактан караганда француздар Марат, Сен-Жюст, Робеспьерлерди, англичандар Кромвелдерди тааныйт. Сиз Кыргызстан дейсиз, бүткүл дүйнөгө тиешелүү бул.

- "Күкүнүстү" дүйнөлүк тилдерге которулган дедиңиз. Ал эми кошуна элдердин тилине оодарылды беле?

- Өзбекстанда которолу, өзбек жана орус тилдеринде чыгаралы дешти эле. Калем акы сурасам, токтоп калышты. Тажикстан, Арменияда деле которушкан, бирок баары эле калем акы төлөбөй эле чыгарабыз деп калышыптыр.

- Бирок китеп басуу - бизнес да.

- Ооба. Алар сатып, пайдасын көрөт. Мисалы, мен базарга барып бир күрмө же бир кап картөшкө алайын десем, эч ким бекер бербейт. Анда эмне үчүн менин китебим бекер кетиши керек?

- Өзүбүздүн жазуучулар романга кандай баа берди эле?

- Биздин жазуучулардан, мисалы, Чыңгыз Айтматов “Русская премия” сыйлыгын ыйгарууда калыстар тобунун төрагасы болчу. Ал киши өзү окуп, абдан жогору баа берген. Бир жагынан мага таарынган. Бул жакка келгенде Жазуучулар союзуна чакырткан, жолуктургула деп. Ошондо экөөбүз сырдашканбыз, урушканбыз, арманыбызды айтышканбыз. "Сен Орозкулдун бейнесин гениалдуу иштеп чыгыптырсың, бир кишинин баяны менен дүйнөлүк тарыхты, геосаясатты, бийлик жана эл деген теманы кошо камтып, көркөм чечмелепсиң" деген. Кыскасы, бул романым тууралуу ар кандай пикирлер айтылган.

- Коллективдештирүү мезгилинде Орозкул каарманыңыз элди колхоздун жумушуна чыгара албай тажап, мечитти өрттөп жиберет эмеспи. Ошондон кийин эл жоошуп, башкарманын тилинен чыкпай калганын сүрөттөпсүз. Муну менен сиз ишенимди, эркиндикти жоготкон адамды сындырып, кулга айлантуу оңой дегенди айткыңыз келген окшойт.

- Геббельстин сөзү бар: "Элдин тили менен тарыхын алып коюп, малдай айдап алсаң болот" деген. Дин да адамдын таянган бир тиреги. Рухий жактан өксүткөн соң, кайсы элди болсо да баш ийдирип коюуга болот.

Азыр эми динди тескерисинче, элди басып, баш көтөргүс кылуу үчүн, саясий курал катары пайдаланып жатышат. "Ушуга гана ишенгиле, ушундай гана сыйынып, жашагыла, калганы баары ката, жаңылыштык" деп таңуулашат. Бул догма, авторитаризм.

- Пандемиядан кийин бизде бийлик алмашты, чек арада эки жолу кагылышуу болду. Дүйнөдө болсо Украинадагы согуш геосаясий абалды курчутуп койду. Ушул көрүнүштөрдүн баары келечекте кандайдыр бир чыгарма жазууга өзөк болобу?

- Мен азыр эле окуяларды талдап роман, повесть жаза баштадым, тарыхты да изилдеп жатам. Колумдан келишинче Орусиянын оторчул саясатынын таасиринен алыстатып, кыргыздын чыныгы тарыхын иштеп чыгууга аракет кылып жатам. Азыр китеп чыгаруу кыйын. Эл окубайт экен. Кыргызстанда мени жазуучу катары тааныгандар аз. Чет өлкөлөрдө таанып жатышат.

- Котормочу катары тажрыйбаңыз чоң экен. Кыргызстанда бул жааттагы иштер кандай болууда?

- Мен нукура кыргыз тилине котором. “Пятницада звонить этем”, “машинада кататься кылам”, “кошелогумду прятать этип койчу”, “домдо жашайт экен”, “сахар мененби же сахарсызбы?” дегендерди жактырбайм.

Биздин котормочулардын көбүнүн тили жарды, көбү "кыр-рус" тилинде жазып, ойлонот. Алар менин нукура кыргызча жазганымды кабыл албайт. “Түшүнүксүз жазасыз, бул сөздөрдү билбейбиз” дешет. Түшүнбөсөңөр, Ош базарындагыдай “кататься этем, гулять этем” деп оодара бергиле дейм. О’Генрини (америкалык жазуучу-ред.) бирөө которуптур. Ичин карасам, 18 сөздөн турган сүйлөмдүн тогузу орусча экен. Мунун эмнеси котормо?

Эгер тили бурулуп калгандарды ээрчий берсек, анда эч качан оңолбойбуз. Элге адабий тилди үйрөтүшүбүз керек да. Биз аракет кылбасак, орустар же космостон бирөөлөр келип оңдоп береби жагдайды?

- Сизди көп тил билген полиглот катары да таанышат. Башка тилди кантип тез үйрөнсө болот, атайын жөндөм болушу керекпи же?

- Мен тилди өмүр бою үйрөнүп келем, азыр да үйрөнүп бүтө элекмин. Башкасын кой, кыргыз тилинде мен билбеген сөздөр бар экен. Сөздүк колдоном кээде. Бирок бул табигый иш. Бир дагы тилди, мунун ичинен өзүңдүн эне тилиңди да жүз пайыз билүү мүмкүн эмес. Өмүр бою үйрөнөсүң. Бирок бир топ тилди жакшы эле өздөштүргөм. Чет өлкөлөргө барганда котормочуга муктаж болбойм. Эркин сүйлөшүп, лекция окуй алам, кат жазам. Тил үйрөнүү – өзүнчө эмгек. Буга өзгөчө жөндөмдүн кереги жок. Ошол элдин киносун көргүн, кичинеден которгун. Башында сөздүк менен көбүрөөк иштегенге туура келет. Кийин көп сөздөрдү билип алсаң, жакшынакай эле сүйлөй баштайсың. Орус тилин кантип үйрөндүк эле? Мен билгенден дүйнөдөгү эң татаал тил ушул, род, жөндөмө, ыңгай ж.б. деген эрежелери бар. Англис тилинде андай эмес, сөздөрдү ордуна туура койсоң эле болду, өзгөрүлбөйт. Мен билген тилдердин ичинен эң оңою англис тили. Кытай тили да ошондой.

- Канча тил билесиз?

- Бир жолу оозеки 32 деп санаганбыз, 35 же 40 болсо керек. Роман тобундагы тилдердин (испан, португал ж.б.), славян тилдердин (серб, хорват, орус, украин ж.б.) баарын билем. Түрк (кыргыз, казак, өзбек, кумык, карачай, азербайжан ж.б.) тилдерин да текши билем. Булардан тышкары кытай, грек тилдерин билем. Буларды эмне үчүн үйрөндүм? Кээ бирлерин ошол тилдерде тартылган жакшы тасмаларды көрүү үчүн, кээ бирлерин көркөм адабияттарга кызыгып, түп нускадан окуу үчүн үйрөнгөм. Кээ бир тилдерди тарыхты окуу үйрөндүм. Мисалы, грек тилин. Түп нускада эмгектерди окуюн деп кытай тилин үйрөндүм. Санскритти индустар колдонбой калган, мен китептер аркылуу өздөштүрдүм.

- Турусбек агай, атайын Токтогулдан бери келип маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат. Маектин акырында окурмандарга өзүңүз жакшы көргөн беш китепти сунуштай кетсеңиз.

- Кыргыздар, кыргыз тилдүү окурмандар “Манасты” сөзсүз окушу керек. Мен “Манасты” көп изилдеп, талдадым, убагы келгенде жазгандарым чыгат. Андан башка кенже эпосторубуздун баарын окуп чыгууну сунуштайм. Аларды карапайым эл эмес, филологдордун көпчүлүгү да окуй элек. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын, Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычын” окуу керек. Чет элдик адабияттан Антуан де Сент-Экзюперинин “Кичинекей ханзадасын", Рэй Брэдберинин "Каакым ширесин", Томас Вулфтун чыгармаларын сунуштайт элем.

Маектин биринчи бөлүгүн бул жерден уга аласыз:

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG