Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

"КЖ групптун" лицензиясы компания курган үйлөрдү мыйзамдаштыруудан соң кайра каралат


KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов. УКМК тараткан сүрөт. 22-апрель, 2024-жыл.
KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов. УКМК тараткан сүрөт. 22-апрель, 2024-жыл.

"Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген шек менен кармалган ишкер Имамидин Ташов негиздеген KG Group курулуш компаниясынын лицензиясы бул ишкана курган үйлөрдүн мыйзамдуулугуна байланыштуу маселе чечилгенден кийин кайра каралат.

Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Талантбек Иманакун уулу "Азаттык" радиосуна билдирди.

"Буга чейин компания салган үйлөрдү мыйзамдаштырууга өкмөт жардам берет деп сүйлөшүлгөн. Эгер азыр лицензиясын жокко чыгарсак, үйлөрдү мыйзамдаштыра албай калат экенбиз. Азыр алардан үй алган карапайым элдин маселесин чечкенден кийин гана мындан ары курулуштарды токтотуу үчүн лицензиясын жокко чыгаруу маселеси каралат", - деди Иманакун уулу.

Быйыл жыл башында Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев “Биринчи радиодогу” маегинде KG Group курулуш компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралып жатканын айткан.

Ал аталган курулуш ишкана салган тогуз объект бар экенин, анын ичинен үч көп кабаттуу үй пайдаланууга берилгенин билдирген. Калган үйлөрдүн документтери туура эмес болгондуктан, адамдар жашап жатканына карабай, дагы деле кабыл алына электигин айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) издөөдө жүргөн Имамидин Ташов Панфилов районунун Кайыңды айлында кармалганын 22-апрелде кабарлаган. УКМК Ташов “бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган” деп маалымдаган. Ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Атайын кызматтын тергөө абагына 22-майга чейин камалган.

Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде 2023-жылы октябрда кармалып, 52 млн сом төлөп бергенден кийин, ошол эле жылы 8-декабрда үй камагына чыккан.

2024-жылы 9-январда социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ал былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын айткандарын четке каккан.

Бир күндөн кийин, 10-январда Атайын кызмат "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Атайын кызмат Имамидин Ташов тергөө абагында отурганда издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган. Андан тышкары ишкерге алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган.

Ишкер УКМКнын маалыматтарынан кийин кайрадан кайрылуу жасап, коюлган айыптарды четке кагып, ал ээлик кылган компания баштаган курулуштарды аягына чыгарып берүүгө аракет кылып жатканын айткан. Ошондон кийин анын кайда экени белгисиз болчу.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG