Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Эл акыны Жолочу Рысбаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду


Жолочу Рысбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 2-май, 2024-жыл
Жолочу Рысбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 2-май, 2024-жыл

Бүгүн, 2-майда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Эл акыны, жазуучу жана сатирик Жолочу Рысбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов баштаган акындын замандаштары, калемдештери, маданият тармагынын өкүлдөрү, үй-бүлөсү жана жакындары катышты.

Эскерүүдө сөз сүйлөгөндөр Жолочу Рысбаевди мекенчил, ойдогусун түз, таамай айткан, куйкум сөздүү адам катары эскеришти. Акындын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.


Жолочу Рысбаев 30-апрелде 75 жашында дүйнөдөн кайткан.

Ал 1949-жылы 25-июнда Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Жылуу-Булак айылында туулган.

Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы (Бишкек) машина куруу заводунда жумушчу болуп иштөө менен бирге 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

Чыгармачылык жолун 1975-жылдан тарта Кыргыз телерадио берүү компаниясында редактор болуп баштаган. 1988-жылдан баштап СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Бир катар аңгемелердин, сатиралык чыгармалардын жана обондуу ырлардын автору. 2012-жылы “Азаттыкта” сатиралык “Тамашемес” деген бир нече видеоберүү даярдаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG