Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Казакстанда окуучу баланын өлүмү иликтенүүдө


Казакстанда мектептеги ур-токмоктон кийин каза болгон окуучунун өлүмү иликтенип жатканын бүгүн 2-майда «Азаттыктын» казак кызматы билдирди. Жамбыл облусунда болгон окуя тууралуу Facebook баракчасына журналист Данияр Алимкул жазганы маалымдалды.

Анын айтымында, Байзак районундагы айылдардын биринде тогузунчу класстын окуучусу өзүнөн бир класс төмөн окуган баланы сырттагы дааратканадан сабаган, бала алган жараатынан өзүнө келе албай көз жумган.

Райондук билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, 30-апрелде кылмыш иши козголуп, мектеп администрациясына карата кызматтык териштирүү жүргүзүлө баштады.

Полиция кылмышка шектүү окуучу кармалып, тергөө абагына камакка алынганын кабарлады. Мектептин жетекчилиги жана мугалимдери боюнча «балдардын саламаттыгынын жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин тийштүү деңгээлде аткарган эмес» деген негизде иликтөө жүрүп жатат.

30-апрелде Жамбыл облустук полиция департаменти жаштар топтолгон жерлерде коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн маалымдаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG