Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

"Кызым өз жанын кыйганына ишенбейм". Адилеттик издеген эне


Иллюстрация
Иллюстрация

"Адилеттик издейм" подкастына 17 жаштагы кызынын өлүмүн калыс териштирүүнү өтүнгөн эне кайрылды.

Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган "Адилеттик издейм" подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга микрофон сунабыз.

(Эскертүү: бул иш боюнча сот жүрүп жаткандыктан, укук коргоо органдарындагы окуяга тиешеси бар кызматкерлердин аты-жөнүн ачык айта албайбыз)

Азиза Абдирасулова: Ранохан, саламатсызбы. Көйгөйүңүздү өзүңүздөн угалы.

Ранохан Ашурова: Мен 2005-жылы туулган кызым Канатбекова Алтынайдын өлүмүнө байланыштуу кайрылып жатам. Кызым Кыргызстан эл аралык университетинин коллежинде окучу. 2022-жылы 29-ноябрга караган түнү чогуу жашаган кыздар, жанында балдар дагы бар болгон, кызым ошол күнү ажал тапкан. Колу-бутун байлап, муунтуп, керебетке отургузуп, асып коюшкан. Ушул күнгө чейин акыйкат издеп келем. Иш Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө өткөн. Алар "өз өмүрүнө кол салган" деп ишти жаап коюшуптур. Бишкек шаардык прокуратурасына, Ички иштер министрлигине, Башкы прокуратурага бардым. ЖМКлар аркылуу кайрылдым. Бишкек шаардык прокуратурасына арыз жазып кайрылганда, кабыл алышкан. Алар кайра ишти ачышкан. Азыр иш Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында. Ушул күнгө чейин бир дагы иш жылган жок. “Өз өмүрүнө кол салган” деп карабай жатышат. Бирок мен ага ишенбейм. Кызым өлө турган бала эмес болчу. 2022-жылы 28-ноябрь күнү кызымдын иштеген жерине эртең мененки саат он бирлерде барып, кечки тогузга чейин жанында отургам. Кызым экөөбүз жакшынакай сүйлөшүп отурдук. Сонун эле иштеп жүргөн. Анан эле эртеси күнү айылга - Кочкорго барып, угузуп жатышат.

Азиза Абдирасулова: Ошондо окуя сиз жолугуп кеткен күнү түнү болгон турбайбы?

Ранохан Ашурова: Ооба. Анан жанында чогуу жүргөн Акылай (ысымы өзгөртүлдү) деген таластык кызга жолуктум. Ал “эже, биз “Чердак” деген түнкү клубда жүргөнбүз” деп жооп берди. Үч кыз клубга барышыптыр. Ошол күнү кызым тумоолоп жаткан. Жумушунан кийин жатаканасына кетиптир. Үйүнө кечки ондордо эле барыптыр. Кызымдын телефонунан акыркы кат жазышууларын окусам, Бермет (ысымы өзгөртүлдү) деген кыз кызымдан 1000 сом сураптыр. “Алтынай, мага 1000 сом сал” деп кекетип сураптыр. "Менде 1000 сом жок, мурдараак айтпайт белеңер. Азыр 400 сом эле бар" дептир кызым. Акылайдын жанында Мээрим (ысымы өзгөртүлдү) деген кыз дагы бар болчу экен. "Ал ким эле?" десем, "Акылай (ысымы өзгөртүлдү) клубдан таанышкан кыз. Клубдан таңкы алтыда келдик. Таң дагы кирип калды. Маршруткалар жүргүчө, силердин жатаканаңарга барып турайынчы" деп суранганынан, макул деп, чогуу келгенбиз. Турусбеков көчөсү менен келатканда, терезе ачык болчу. Алтынай ысуулап, ачып койгонго деп ойлоп койгом. Вахтага келдик. Бөлмөнүн эшигин 2-3 жолу такылдаттык. Ачкан жок. Чалсак, телефонунун үнү бөлөк жактан чыгып жатты. Телефонун дагы албай койду. Эшикти 2-3 жолу түрткүлөгөндө, жыгач эшик болчу, ортосунан жарака кетип, ачылды. Кирсек, жарык өчүк экен. Жарыкты жандырсак, Алтынай манежде буту-колу байланып, муунтулган абалда отуруптур", - деди.

Азиза Абдирасулова: Манеж болгондо, ал эмне?

Ранохан Ашурова: Эки кабаттуу темир керебет.

Азиза Абдирасулова: Алтынай кайсы жерде экен?

Ранохан Ашурова: Ылдыйкы керебетинде отуруптур. Аны көрүп Акылай кыйкырыптыр. Айткандарына караганда, алар таңкы саат алтыда келип, эшик ачылбай, такылдатып 10 мүнөттөй турушкан. Анан ачып кирип, Алтынайды көрүп кыйкырып, өкүрүп, балдарды чакырышыптыр. Жаңы таанышкан Мээрим (ысымы өзгөртүлдү) деген кыз чогуу балдарды ойготушуптур. Алар келип, баары нес болуп калышыптыр. Колу-бутун ошол жердеги бир бала чечиптир. Ал бала: "Уйкусурап тургам, аябай нес болдум. Эки жолу байланып, ортосунан бантик кылып, аябай катуу байланыптыр. Араң чечтим", - деп айткан.

Азиза Абдирасулова: Ошондо колу алдына байланыптырбы же артынабы?

Ранохан Ашурова: Алдына байланган, буту электр узарткыч менен таңылыптыр. Бутун башка бирөөсү чечиптир. Моюну дагы электр узарткычка оролуптур. Акылай: "Алтынайдын моюнун чечкенде, төшүмө жыгылып, жатып калды", - деди. Ал эми колун чечкен жигит: "Жок, башын башка бала чечкен. Алтынай катып калыптыр. Эч кандай кулаган эмес", - деди. Милицияга саат 06:07де кабар түшүптүр. Булар өздөрү алтыда келип жатышса, 10-15 мүнөттөй ары-бери ызы-чуу болушту. Анан кантип милицияга саат 06:07де кабар түшөт? Бул таң калычтуу табышмак болуп жатат. Акылайдан Мээримдин телефон номурун алдым. "Мээрим, болгон жагдайды айтып берчи. Мен энемин, сыздап отурам. Өзүм үчүн билип алайынчы", - дедим. Анан Мээрим дароо эле: "Эже, терезени Акылай ачкан. Терезе жабык болчу", - деди. Акылайды каяктан таанырын сурасам, Акылайдын өгөй атасынын (аудио билдирүүдө Акылайдын апасынын күйөөсүнүн дептир) карындаштары болуп кетет экен. Акылай менен Мээримдин туугандык жайы бар экен.

Азиза Абдирасулова: Бирок сизге түнкү клубдан таанышканын айткан да?

Ранохан Ашурова: Ооба, мага клубдан тааныштык деген. Акылайдын көрсөтмөсүндө дагы бар. Кийинки көрсөтмөсүндө ал сөз жазылбаптыр. Мунусу дагы таң калычтуу. Баарын сураштырып бүткөндөн кийин 2023-жылы 6-февралда улуу кызым иштеген жерге барып отургам. Кызымды биринчилерден чечкен балага жолугуп калдым. Аны кызым иштеген жакка ээрчитип келип, "окуяны болгонун болгондой айтып бер" деп, айткандарын диктофонго жаздырып алгам. "Эже, эртең менен биз буфер угуп отурганбыз. Музыканын үнүн чоңойтуп алганбыз. Анан эле ызы-чуу болуп кетти", - деди. Буга чейин "уктап жаткан" деп айтылган бала эми "буфер угуп жатканбыз" деди.

Азиза Абдирасулова: Эшик ичинен дагы бекилет бекен же сыртынан дагы бекитип болобу?

Ранохан Ашурова: Эшиктин сыртынан кулпу салып кетишкен. Кулпунун тиши сынып калыптыр. Илип эле коюшчу экен. Ичиндегиси жылдырма илгич экен. 3-декабрда экспертиза үчүн бардык. Барсак, кулпу ошол бойдон турат. Эшик сынбаптыр, эчтеке болбоптур.

Азиза Абдирасулова: Бирок "эшик сынды" деп айтышкан?

Ранохан Ашурова: Ооба.

Азиза Абдирасулова: Окурмандар үчүн дагы бир тактайлы. Кызыңыздын колу-буту дагы байланган бекен?

Ранохан Ашурова: Ооба.

Азиза Абдирасулова: Оозучу?

Ранохан Ашурова: Оозу көгөрүп калганын айтышкан.

Азиза Абдирасулова: "Колу-буту байланган абалда кантип асынды?" деген суроого экспертиза, тергөө эмне деп жооп берүүдө?

Ранохан Ашурова: Ушул күнгө чейин тергөөдө эч ким жооп берген жок. Мен тергөөчүгө бир жарым жылдан бери барып келем. "Кызымды ким өлтүрдү? Эмне себептен өлүптүр?" десем, "Тактап жатабыз" деп коюшат. Тергөөчүгө чалсам, телефонун албайт.

Азиза Абдирасулова: Прокуратура эмне деп жатат?

Ранохан Ашурова: Бишкек прокуратурасы "оор кылмыш" деп ишти ачып берген. Бишкек прокуратурасынын башчысы: "Моюнундагы такка таң калып жатам" деп өзү дагы айткан. Бирок эч кандай жыйынтык жок.

Азиза Абдирасулова: Сүрөттө асынган нерсенин изи түптүз кетиптир. Негизи асынган учурда, из кулактын арты менен ээктин ылдый жагына такалып өтөт. Ушуга экспертиза кандай жооп берди?

Ранохан Ашурова: Экспертиза колунда, бутунда, моюнунда тагы бар экенин жазыптыр. Бирок "атайын өлтүрүү же өзүн-өзү өлтүрүү" деп жазбаптыр. "Муну тергөөчү өзү тергесин" деп жазыптыр.

Азиза Абдирасулова: Буту эмне менен байланган? Катуу тартып байлагандай издери калыптыр.

Ранохан Ашурова: Электр узарткыч менен байланыптыр.

Азиза Абдирасулова: Бүгүнкү күндө бул ишти ким карап жатат?

Ранохан Ашурова: Азыр иш Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгында. Ибраев Урмат деген бала карап жатат. Бул иштин тогузунчу тергөөчүсү. Бир жарым жыл ичинде тогуз тергөөчү алмашты. Акыркы Улан деген тергөөчүдөн Урмат дегенге өтүптүр. Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысынан: “Мага тажрыйбалуу аял тергөөчү бериңиз. Ал дагы эне да. Мен дагы баламан ажыраган энемин. Аялды аял, энени эне түшүнөр”, - деп сурангам. Ошондо Гүлмира же Гүлбайра деген эже менен Урмат экөөнү берген. Ал эже тактап сураганда, бардыгын айтып бергем. “Макул, мен иштеп берем. Таап берем”, - деген. Эми ушул күнгө чейин чалсам, ал эже дагы албайт. Урматтан сурасам, “ооруп, иштебей жатат (больничныйда)” деп койгон. Бирок иштеп жатышат.

Азиза Абдирасулова: Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгына өткөнүнө канча болду?

Ранохан Ашурова: Бир жыл эки ай же үч ай болуп калды.

Азиза Абдирасулова: Ошондон бери эчтеке жок?

Ранохан Ашурова: Жок. Бир дагы жыйынтык жок. Мен шектенип жаткан кыз Акылай Москвага кетип калып, кайра келди. Азыр Артур деген баладан дагы шектенип жатам. Ал дагы Москвага кетиптир. Мединаны издөөгө бергенбиз. Бергенибизге бир жылдан ашты. Ал кыздын дагы дайыны жок. Табылбай жатат.

Азиза Абдирасулова: Адвокат менен иштештиңби?

Ранохан Ашурова: Адвокат менен сүйлөшө келгенде эле, иш акчага келип такалат. Иш менен тааныштырып, экспертизасын окутсам эле, баары качышат. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бакыт Нарчаевге дагы, анын орун басарына дагы киргем. Мени аябай жаман кабыл алышкан. Менде видеосу дагы бар. Ошол орун басарынын: "Бизге көп муунуп өлгөндөр түшөт. Колу-бутун байлап, өлгөнүнө таң калып жатам. Кантип асынып өлдү? Эми экспертизаны күтөлү", - деп айткан сөзү бар. Ошол адамга жолуксам, бетине деле коёт элем. Мага өзү ошентип айткан.

Азиза Абдирасулова: Ошондо кызың 2005-жылы 21-майда төрөлсө, 2022-жылы он жетиде эле болгон экен да?

Ранохан Ашурова: Ооба.

Азиза Абдирасулова: Подкастка келип, өзүңдүн кайгы-муңуңду айтып жатасың. Бизден эмнени күтүп жатасың? Сага кандай жардам бере алабыз?

Ранохан Ашурова: Мен акыйкат издеп келем. Мага окшоп дагы канча эне сыздайт? Канча эне ай мончоктой балдарынан ажырайт? Кыздарынан ажырайт? Канча иштер жөн эле жабылып кеткенин угуп, көрүп жатам. Мага окшоп дагы бир эне сыздабасынчы. Бир жарым жылдан бери ушул иш такыр жылган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG