Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

Депутат сел жүргөн маалда ӨКМдин жетекчилери чет жакта жүргөнүн сынга алды


Улукбек Ормонов
Улукбек Ормонов

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов Кыргызстандын бир нече аймагында катуу жаан-чачындан улам суу ташып, сел жүрүп жаткан маалда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөдө жүргөнүн сынга алды. Бул тууралуу пикирин ал парламенттин 24-апрелдеги жыйынында айтты.

“Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Башка региондордо да абал оор бойдон калууда. Кыргызстанда абал оор болуп турган маалда өзгөчө кырдаалдар министринин, анын орун басарларынын сыртта жүргөндүгү эмнени билдирет? Бул жоопкерчилик жок дегенди билдирет. Эртең бул маселени күн тартибине киргизип, толук маалымат угалы. Министрликтин маалыматтары менен чогуу эле биз Материалдык резервдер фондунун да маалыматтарын угалы”, – деди Улукбек Ормонов.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, жыйынды алып барып жаткан Нурланбек Азыгалиев өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен 23-апрелдин кечинде байланышканын айтып, анын төрт орун басары чет өлкөдө командировкада жүргөнүн маалымдады. Азыгалиев маселени 25-апрелдин күн тартибине киргизүүнү колдоп, алар ошол күнү парламентке чакыртыларын кеп кылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги депутаттын билдирүүсүнө түшүндүрмө бере элек.

Мекеме расмий баракчасында министр Бообек Ажикеев 22-23-апрелде өлкөнүн түштүк аймактарында сел каптаган айылдарга барып, ыкчам тапшырмаларды бергенин маалымдап, анын Жалал-Абадда жүргөн сүрөттөрүн жарыялады.

Селден улам Ош облусунда, Талас облусунун Талас районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

20-21-22-апрель күндөрү нөшөрдөн улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ала-Бука, Ноокен, Сузак, Аксы жана Токтогул райондорунда, Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында сел жүрүп, ондогон үйлөрдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Ошто селден бир киши, чагылгандан дагы бир адам каза тапты. Ондогон тургундар эвакуацияланды.

Талас облусунун Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылында, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында сел жүрдү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG