Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

Сузактан Бишкекке жеткирилген кыздын башына операция жасалды


Жабыркаган балдар Сузактан Бишкекке жеткирилген учур.
Жабыркаган балдар Сузактан Бишкекке жеткирилген учур.

Сузактагы "Манас айтуу" иш-чарасында унаа тебелеп кеткен балдардын арасынан баш сөөгү сынып, жарааты олуттуу экени айтылган тогуз жаштагы кызга Бишкекте операция жасалды.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 4-майда кыздын баш сөөгүн операция кылуу жараянына министр Алымкадыр Бейшеналиев жана башка дарыгерлер катышты. Расмий маалыматта бейтаптын абалы туруктуу экени айтылат.

Бир күн мурун Сузактан 10 бала атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, ооруканага жаткырылган. Министрлик кабарлагандай, учурда Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда да тогуз бала дарыланууда. Алардын абалы туруктуу.

2-майда Сузак районунда "Манас айтуу" фестивалында дөңдөн ылдый жылган машине балдарды коюп кеткен. Иш-чарага 3 миң окуучу катышып жаткан. Кырсыктан 30дан ашык бала жабыр тартып, бешөөнүн абалы оор экени кабарланган.

Сузакта окуучуларды автоунаа коюп кеткен окуядан кийин өлкө аймагында "Манас айтуу" фестивалы токтотулган. Окуяга себепкер "Хундай-Портер" машинесинин айдоочусу кармалып, милиция кылмыш ишин козгогон.

Катуу жабыркаган беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон, башка жараат алган балдарга 50 миң сомдон бөлүндү. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG