18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуядан жалпы 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү билдирди. Маалыматка караганда, жабыркагандардын көбү ооруканага жаткан эмес, азыр үч чет элдик дарыланууда. Пакистандын элчилиги үч пакистандык каза болду деген кабарды четке кагып, 15и жабыркаганын ырастады.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентти камакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар адамдардан “тазалоо” иштери аяктаганын, бирок алар мамлекеттик кызматтарда дагы деле бар экенин билдирди.
УКМК 2021-жылы Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидеринин орун басары болуп Гуля Кожокулова шайланган жагдайды иликтеп жатат. 16-майда фракциянын экс-депутаты Орозайым Нарматова ушул жагдайга байланыштуу атайын кызматта үч саат күбө катары сурак берип чыкканы белгилүү болгон.
Өзбекстанда мамлекет башчысын кемсинткени үчүн абакка кесилгендер көбөйүүдө. Кечиримдүүлүккө чакырган ой-пикирлерге көңүл бурулбай калууда.
Башкырстандын борбору Уфа шаарында 14-15-майда өткөн “Валдай” клубунун жыйыны бул ирет Борбор Азияга арналды. Анда Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин аймак менен Кремлдин кызматташтыгы өнүгөрүн айтып, АКШны, Батышты сындады.
Байкоочулар белгилегендей, жакында эле өкмөтүн жаңылаган Путин аскердик экономикага басып жасап, Кытай лидери Си Цзинпинден жардам сурайт.
Кыргыз өкмөтү сунуштаган уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоору парламентке келди. Февралдын соңунда президент Жапаров Ысык-Көлдөгү жолугушууда Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан эле.
Өзбек парламентинин төрага орун басары Алишер Кадиров өзбекче билбеген адамдарды мамлекеттик кызматка албоого чакырды.
Кыргызстан менен Малайзия кайсыл багыттар боюнча кызматташа алат? Куала-Лумпур Бишкек үчүн эмнеси менен баалуу?
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар 15-майда бийликке кайрылуу жолдоп, абактагы Кеңешбек Дүйшөбаевдин саламаттыгы начарлап, кан басымы көтөрүлүп, анын дарылануусуна шарт түзүүнү суранышты.
"Массалык башаламандыкка чакырууга" шектелип камалган акын жана активист Аскат Жетигендин иши сотко өткөрүлдү. Бул иш боюнча алгачкы отурум 14-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда болду.
Грузин парламенти "чет элдик агенттер" мыйзамын кабыл алды. Бирок муну менен башкаруудагы партия толук жеңишке жетти деп айтууга болбойт. Бейөкмөт уюмдар Конституциялык сотко кайрылганы жатат, саясий жараян дагы уланмакчы.
Дагы жүктөңүз