17-майдан 18-майга караган түнү Бишкектин Курманжан Датка көчөсүндө жүздөгөн киши топтолду. Алардын бир бөлүгү чет элдиктер жашаганы айтылган имараттын жанына чогулушту. Айрымдары Кыргызстанга келген чет элдиктердин маселесин көтөрдү. Ишембиде таң атканда чогулгандар тарай баштады.
15-майда Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого кол салуу болду. 59 жаштагы жетекчи Гандлова шаарындагы жыйындан кийин көчөдө турган жергиликтүү тургундар менен учурашып жаткан маалда ага бир нече ок атылган.
Орусиянын бир катар аймактары 17-майга караган түнү жапырт дрон чабуулуна кабылды. Новороссийск шаарынын портунда жарылуу болуп, Туапседе мунай заводунда өрт тутанганы кабарланды. Бул соккулар орус армиясы
Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов округунда кайра шайлоо өтө турган болду. Орусиянын бир катар аймактары жапырт дрон соккусуна кабылды. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев абактагы Матраимов мамлекетке 200 млн доллар кайтарышы керектигин айтты.
13-майда Казакстандын соту аялын өлтүрүүгө айыпталган мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевди 24 жылга эркинен ажыратты. Салтанат Нукенованын өлүмү коомчулукту Борбор Азия өлкөлөрүндө аялдар кабылган зордук-зомбулук жана өлүм менен аяктаган учурлар тууралуу сөз кылууга аргасыз кылды.
Казакстандын Актөбө облусундагы үй-жайларын суу каптаган тургундар бийликке нааразы. Алар 15-майда Актөбө акимчилигине келип, облус жетекчилиги менен жолугушууну талап кылышты. Полиция аларды акимчиликке киргизбей койду. Калаа башчысы митингчилердин талабын уккан жок.
Кыргыз өкмөтү сунуштаган уран жана торий кендерин казууга уруксат берген мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү. Владимир Путин бешинчи президенттик мөөнөткө киришкенден кийин Бээжинге барды. Экс-депутат Орозайым Нарматова УКМКда үч саат сурак берип чыкты.
Орусиянын президенти Владимир Путин бешинчи президенттик мөөнөткө киришкенден кийинки чет өлкөгө алгачкы сапарга Кытайга барды. Байкоочулар белгилегендей, жакында эле өкмөтүн жаңыланган Путин аскердик экономикага басып жасап, Кытай лидери Си Цзиньпинден жардам сурайт.
Кыргыз өкмөтү сунуштаган уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоору парламентке келди. Февралдын соңунда президент Жапаров Ысык-Көлдөгү жолугушууда Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан эле.
Өзбек парламентинин төрага орун басары Алишер Кадиров өзбекче билбеген адамдарды мамлекеттик кызматка албоого чакырды.
Жакында Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага аскер кызматкерлеринин укуктарын, өмүрүн жана саламаттыгын коргоону күчөтүү сунушу менен кайрылды. Омбудсмендин берген маалыматы боюнча акыркы убактарда аскер кызматкерлери арасында жаракат алып, ооруканага түшкөн учурлар катталган.
14-майда Аламүдүн райондук соту жазуучу жана акын Олжобай Шакирди “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Тогуз айга чукул тергөө абагында отурган Шакир өзүнө тагылган айыпты мойнуна алган эмес.
Дагы жүктөңүз