Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

"Украинага согушка алып кетет экен". Орус абагында отурган небересин издеген эне


Рысбү Абдыраева
Рысбү Абдыраева

Ош шаарынын тургуну Рысбү Абдыраева Орусияга иштегени кеткен небереси Улукман Капаровдон маалымат ала албай жатканын айтып кайрылды. Небереси 2022-жылы күздө Орусияга кетип, курьер болуп иштеп жатканын айткан. Бир ай өткөн соң Улукмандын теңтушу ал баңгизаты менен кармалганын кабарлаган.

21 жаштагы Улукман Капаров 2022-жылы күздө Орусияга теңтуш балдары менен чогуу, адегенде талаа жумуштарына иштеп келгени кеткен. Кийин ал апасына телефон чалып, башка заводго жумушка орношконун, бирок ашказаны ооруп калганын айткан. Көп өтпөй ооруканада дарыланып чыккан соң, жеңилирээк жумуш деп курьерлик ишке аралашканын билдирген.

“Неберем курьер болом деп эки айга жетпей камалыптыр”

Жашы жетимишти таяп калган Рысбү Абдыраеванын айтымында, небереси ал жумушта эки айга жетпеген убакыт эле иштеп, камалып калган.

“Канат деген теңтуш баласы экен. Ошондон телефон чалуу болду. “Эже, бир окуя болду. Балаңыз кармалып калды” деди. Бир заттын атын айтты. “Ушундай менен кармалып калды. Азыр тергөө абагында” деди. Ошол бойдон балам менен сүйлөшө албадым. Тигил балага чалдым, "сүйлөштүр" дедим. Ал "азыр жолуга албайсыз, эч кимди жолуктурбайт" деди. Ал баланы дагы чала берип тажаттым окшойт. Соңку 2-3 айда ал дагы чалсам жооп бербей калды."

Рысбү Абдраева айтып жаткан Канат аттуу жигит менен байланышканыбызда ал Улукмандын Орусияда баңгизат менен кармалганын ырастап, азыр тергөө абагында олтурганын айтты.

«Эмне болуп кирип, эмне болуп кармалганы тууралуу кеңири маалыматым жок. Соту болот экен, барып келели дегенинен баргам. Ал сотто курьер эмесмин деген. Анткени курьер дей турган болсо оорурак берене болмок. Ошол үчүн ал өзүм колдончумун деп айткан. Жумшагырак берене алыш үчүн айткан. Азыр Пермь крайында, Кудымкар деген жерде №4 тергөө абагында отурат. Телефондон байланышып турабыз. Барып жолуга албайбыз. Ватсаптан жазышып турабыз. Тиркеме аркылуу...”

Рысбү Абдыраева небереси Улукман Капаровду издеп жүрөт
Рысбү Абдыраева небереси Улукман Капаровду издеп жүрөт

Сот мигрант жигитти төрт жылга кескени белгилүү болду

Улукмандын ишин Москванын сот порталынан издеп көрдүк. Андагы маалыматка ылайык, Улукман Капаровду Москвада соода борборунун кароолчусу кармаганы көрсөтүлгөн. Анын жанынан 31,58 гр “мефедрон” деп аталган маңзат чыккан. Улукман сотто маңзатты өзү колдонуу үчүн алганын айткан. Сот мигрант жигитти былтыр 26-июнда төрт жылга кескен.

Рысбү Абдыраева небересинин бул жагдайынан кабарсыз. Кимге, кантип кайрылууну билбей, Москвага дагы жете албай, күтүү менен гана күн өткөрүп келе жатканын айтууда.

“Ушундай кармалгандарды Украинага согушка алып кетет экен. Алдап акча берип, Украинага барсаңар бошотобуз деген сөздөрдү угуп жатам да. Ошондон кыжалат болдум. Чын эле өзү менен сүйлөшпөсөм, ошентип алып кетип калдыбы, эмне болду деп отурам. Буларды эми “подстава” кылгандан кийин, өздөрү жаш болсо...”

Улукман Капаров эки жарым жашында ата-энеси ажырашкан соң, чоң апасынын колунда калган экен. Атасы башка үй-бүлө күтүп, энеси Орусияга иштеп кеткен. Небересинин кат кабарын ала албай жаткан Рысбү Абдыраева мурдагы келинин - Улукмандын апасын издеп жатат.

“ Улукмандын апасы Орусияда Екатеринбургда дейт. Балким апасы ушуну укса, баламды издеп коёр... Акыры өзү төрөгөн го. Жок дегенде кабар алып, кандай кылсак, эмне аракет кылсак дейт элек. Эмне болсо да өзүнүн ичинен чыккан. Кичине болсо да кабар алып, билип койсо дейм. Чыгара турган мүмкүнчүлүк болсо мен карап турбайт элем. Мен жардам берет элем. Эмне болсо да ал Орусияда болуп жатпайбы. Орусиянын жарандыгын алган экен. Балам ата-энеси ажырашканы үчүнбү мүнөзү оор эле, бирок абдан акылдуу. Паспорт алгандан кийин «Апаң жакка деле бар. Анын фамилиясындасың, барып иштейсиң, менин колумдан эчтеке келбейт» дегем. Бирок ал «мени кара тизмеге салып коюптур» деди. Мурда бир сүйлөшкөн экен, ошондон кийин ойлуу жүргөн. Неберем төрт жашка чыкканда апасы көргөнү келген эле. Бирок уулум экөө айтыша кетти. Ошол боюнча кайрылган жок. Кудагыйыма телефонун сурайын деп чалсам, «эмне кыласыз» деп, түшүндүргүчө өчүрүп койду.»

Рысбү Абдыраева
Рысбү Абдыраева

"Баңгизат менен кармалган адамдар оор режимге кесилип жатышат"

Небересин издеген Абдыраева Москвада тааныштары жоктугун, алыс туугандары алар үчүн жумушун таштап чуркай албастыгын айтып кейиди. Ал эми небересинин атасы - өзүнүн уулу баласынын жагдайын угуп, ооруп калганын айтты.

Улукмандын иши тууралуу маалымат алуу үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылдык. Бул маселе боюнча Консулдук департамент Орусиянын Жаза аткаруу кызматына кайрылганын билдирди.

Курьердик кызматта иштеп, маңзат менен кармалып калган кыргызстандык мигранттар соңку жылдары аябай көбөйгөнү, бир үй-бүлөдөн бир нече адам кесилип кетип жатканы буга чейин парламентте айтылган. Бир катар ата-энелер Орусиянын түрмөлөрүндө отурган балдарын Кыргызстанга которуу маселесин чечип берүүнү сурап, кыргыз бийлигине кайрылып келишет. Бул маселе 30-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында да козголуп, юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков буларды билдирди.

"Орусиянын кодекстерине ылайык, баңгизат менен кармалган адамдар өзгөчө оор кылмыштардын катарына киргендиктен оор режимге кесилип жатышат. Эки өлкөнүн режимдери туура келбегендиктен баңгизат ташып, курьер болуп түшүп калган жаш балдарды которуу маселе жаратууда. Өзгөчө баңгизат менен кармалгандарга силердин режимиңер туура келбейт деген баш тартуулар болуп, абактагылардын жакындары кайрылган учурлар көп болгон. Ошондуктан чет өлкөдөн которулгандарга мыйзамды ылайыкташтыруу зарыл болуп жатат".

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматында орус абактарында отурган 1167 кыргызстандыктын үчтөн бир бөлүгү - маңзат менен соттолгондор. ТИМдин маалыматына караганда, бул өлкөдө мыйзамсыз маңзат ташуу боюнча 2020-жылы 191, 2021-жылы 324, 2022-жылы 614 кыргыз жараны абакка кесилген. Маңзат менен абакка кесилип, кийин “Вагнерге” азгырылып, Украинадагы согушта өлгөндөр да болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG