Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Кыргызстан

жума 17 Май 2024

Календарь
2024-ж., Май
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
29 30 1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31 1 2
Салтанаттын өлүмү: Борбор Азиядагы кор болгон аялдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:34 0:00

13-майда Казакстандын соту аялын өлтүрүүгө айыпталган мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевди 24 жылга эркинен ажыратты. Салтанат Нукенованын өлүмү коомчулукту Борбор Азия өлкөлөрүндө аялдар кабылган зордук-зомбулук жана өлүм менен аяктаган учурлар тууралуу сөз кылууга аргасыз кылды.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын желеги. Архивдик сүрөт.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын желеги. Архивдик сүрөт.

УКМК 2021-жылы Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидеринин орун басары болуп Гуля Кожокулова шайланган жагдайды иликтеп жатат. 16-майда фракциянын экс-депутаты Орозайым Нарматова ушул жагдайга байланыштуу атайын кызматта үч саат күбө катары сурак берип чыкканы белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Атайын кызмат депутат эки жыл мурун Гуля Кожокулованын "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидеринин орун басары болуп шайланган жагдайын бир айга жакын убактан бери териштирип жатканы белгилүү болду.

Фракция төрагасы Исхак Масалиевдин билдиришинче, УКМКга арызды фракциялаштарынын бири жазган жана өзү дагы анын алкагында сурак берип чыккан. Масалиев бул жагдайды "саясий куугунтукка жол ачкан кадам" катары сыпаттаарын айтты.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

"Биздин арабыздагы түшүнбөгөн киши "Гуля Кожокулова фракциянын лидеринин орун басары болуп туура эмес шайланган" деп арыз жазыптыр. УКМК азыр ошону изилдеп жатат. Баарын эле текшерип жатат да. ЖКдагы фракциянын ишине дагы киришип жатат. Эми алар арыз түшкөндөн кийин карадык деп жатат. Бирок анын максаты эмне? Мен түшүнгөн жокмун. Анан калса 1-майдан тартып Кожокулова орун басар эмес. Бир айдан бери эле бизди бирден-бирден чакырып жатат. Кимди кандай шайлайбыз, бул биздин өзүбүздүн ички ишибиз. Жыйынды кааласак тоонун чокусунда, кааласак иш бөлмөдө өткөрөбүз, кааласак түндө, кааласак күндүз өткөрөбүз. Бюджеттен акча бөлүнбөсө, мамлекетке зыян келбесе, атайын иш бөлмө, кызматтык унаа берилбесе, эмнеге тешкерет? Биз залда жыйын өткөрүп, пикир алышып эле бекиткенбиз. Мыйзам буга каршы келбейт. Биринчи күндөн эле Мадумаров орун басарды эмне кылалы дегенде, Кожокулованы сунуштагам, менин сунушум өткөн. Мен бул жагдайды азыр эстеп жатам, Мадумаров анан каршылык жокпу дегенде, эч ким каршы болгон эмес, ошентип шайланып калган. Мен суракка барганда деле айрым нерселерди унутуп калдым да, эки-үч жыл болгон окуя. Сурактан келгенден кийин үйдө отуруп эстедим, анан кечээ УКМКга кат жөнөттүм. Мыйзамда сөзсүз жыйын өткөрүп, ортого кагаз коюп, ким макул, ким каршы деп эсептеш керек деген эреже жок".

Масалиев УКМК арызданган фракциялашынын атын ачык атаган жок. Бирок айрымдар арыз жазган депутат Айгүл Айдарова эмеспи деп суроо салууда.

Биз Масалиевге ушул суроо менен кайрылганыбызда, ал "ким кылса дагы мындай туура эмес жолго барбашы керек эле" деп жооп кайтарды.

"Азаттык" Айгүл Айдарова менен байланышканда, арыз жазганы тууралуу маалыматты четке какты. Ал WhatsApp мессенжери аркылуу: "Мен депутат болуп кийин келгем. Ким кимге арыз жазды, билбейм, чынында. Алар менен ишим деле жок", - деп жазды.

Нарматова депутаттык мандатынан ажыратылгандан кийин, 2022-жылы 26-январда Айдарова парламентке аялдар квотасы менен келген. Ал буга чейинки маектеринде, социалдык тармактарда бийликти мактап жүргөнү менен белгилүү.


УКМК "Бүтүн Кыргызстандын" депутаттарына байланыштуу териштирүү жүргүзүп жатканы 16-майда белгилүү болгон. Анда аталган партиядан кыска мөөнөткө депутат болгон, диплом чырына байланыштуу мандатынан ажыраган Орозайым Нарматова Фейсбуктагы баракчасына атайын кызматта суракта болгонун жазган.

“"Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары боюнча күбө катары маектешүү болду. Алгач толкунданым, анткени мурда тергөөдө күбө катары чакырылгандагы мамиле жаман маанай калтырчу эле. Азыркы тергөөчүнүн мамилеси, комитеттин өкүлдөрү - баары жакшы. Элге ачык болуу керек жана мен эл алдында жакшы да, жаман да мамилени тартынбай айтам. Өзүм карапайым үй-бүлөдөн чыккандыктан коргоочум да, колдоочум да, сындоочум да - эл. Жалпы санаалаштарга, пикирлештерге ыраазычылык", - деп жазган Нарматова.

УКМК дагы буга байланыштуу азырынча түшүндүрмө тараткан жок.

“Бүтүн Кыргызстан” - Жогорку Кеңеште оппозициялык азчылыкты түзгөн, алты депутаты бар фракция. Лидери Адахан Мадумаров сот жообуна тартылып, мандатынан ажыратылгандан кийин, 8-майда Исхак Масалиев анын ордуна шайланган.


Мадумаров абактан чыккандан кийин "Азаттыкка" курган маегинде өзү негиздеген "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен шайланып келген айрым кесиптештерин сындаган. Ал "айрым фракциялаштарыңыздын кыймыл-аракеттери коомдо талкууга алынып келатат, ага кандай ойдосуз?" деген суроого "ал ар бир адамдын абийириндеги иш экен" деп жооп берген.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

"Муну эки жүздүүлүк деп коёт. Бул биздин эле партияда эмес, бардык партиялардын курамында бар. Бийликтин партиясы менен келип, бирок бүгүнкү бийликтин кыймыл-аракеттерин жактырбай, өзүнүн калыс пикирин айтып жаткандар да бар. Тескерисинче, биздин партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке келип алып, бийликтин партиясы менен келгендерден эки эсе аша чаап, жасакерленип жаткандар да бар. Бул эми ар бир адамдын абийириндеги иш экен, андайларды устав менен же "депутат жөнүндө" мыйзамдын күчү менен киши кыла албайт экенсиң. Бул ар бир адамдын абийиринде катылган сапат экен", - деген Мадумаров.

УКМКнын аталган фракцияга байланыштуу териштирүү жүргүзүп жатканы түрдүү суроо жаратты. Талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, бул бийликтин саясий оппоненттерине карата басымы дагы болушу мүмкүн:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

"Парламенттеги оппозиционерлердин ичинен күчтүүсү Адахан Мадумаров эле. Алдыда президенттик шайлоо болот. Анда бийликке оппоненттер чыгышы мүмкүн. Саясий атаандаштар, контрэлита ошол "Бүтүн Кыргызстанга" топтолушу мүмкүн. Азыркы жагдайды "күчтүү оппоненттер болбошу керек" деген стратегия болушу ыктымал деп ойлоп жатам. Гуля Кожокулова дагы саясий атаандаш болуп калышы мүмкүн. Ага дагы компромат издеп, ошого жараша аракет жасалып жаткан болушу ыктымал. Менин байкашымча, азыркы бийликке же бирөө кеп-кеңеш берип жатабы, же өздөрү элеби, айтор саясий оппоненттери менен "абдан сабаттуу" иштеп жатат. Саясий атаандаштар менен иштешип, процесстерге сереп салып жатат".

Ал арада президент Садыр Жапаров "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана аталган фракцияснын лидери Исхак Масалиев тууралуу үн катты. Анда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине Масалиевдин алтын тууралуу маегине комментарий берип, депутатты сынга алды. Журналист алтынга байланыштуу күдүк сөздөрдө президенттин агасы Сабыр Жапаровдун аты аталып жатканын, Масалиев дагы аны кеп кылганын белгилеп, бир тууганы учурда эмне менен алектенерин сураганда төмөнкүчө жооп берген:

"Менин бир туугандарым Исхак Масалиевдей ууру же "казиношник" эмес. Кыргызстандан уурдап чыгып, чет өлкөлөрдөгү казинолорго миллиондоп уттуруп келип, ата баркы менен чалчандап жашагандардан эмес. Алар – ата тарбиясын көргөн адамдар. Тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка инвестиция алып келип жатышат. Мен бир туугандарыма жана үй-бүлөмө: “Мурдагылардын катасын кайталабагыла, алардын катасынан сабак алгыла, өмүр бою жашооңор Кыргызстанда өтөөрүн унутпагыла, эл менен болгула!” - деп дайыма эскертип турам. Мен дагы мурдагылардын катасын кайталабайм. Үй-бүлө, бир-туугандарымды мамлекеттин ишине аралаштырбайм. Буга күчүм жетет. Эгер Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаров же Болот Темировдор алтын тармагы эле эмес, башка тармактарда дагы уурулук болуп атат деген күмөндөрү болсо, мен бүгүн эле элдик көзөмөл комиссиясын түзүп, аларды эң башкы сабына адис кылып койгонго даярмын", - деген Жапаров.

Депутат Масалиев президент Жапаровдун жогорудагы маегинен кийин "Азаттыкка" комментарий берди. Эл өкүлү “Марал” радиосундагы интервьюсунда коомдо талкуу жараткан видео боюнча өкмөткө сын-доомат айтпаганын, болгону социалдык тармактарда тараган тасманы "тыкыр иликтеп коюу керек" экенин билдиргенин айтты.

“Президент эмнеге ачууланды, билбейм. Мен берген маегимди (“Марал” радиосуна) кайра карап чыктым. Анда “Эдил Байсаловдор дароо чычалабай, видеону текшерип туруп жооп берсе болмок” деп айткам. Мунун эмнеси жаман? Анан мени “ууру” деп 15-20 жыл мурдагы казино маселесин көтөрдү. Мага "ууру" деген сөз катуу тийди. Видеодогу алтын башка бир компанияныкы же тасма жөн эле тартылган болушу мүмкүн. Муну Камчыбек Кыдыршаевичке тапшырма берип аныктап койсо болот да”, - деди ал.

Мадумаров: Парламентти мынчалык кордобош керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:12 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG