Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:23

Кемпир-Абад иши: Абактагылардын жакындары ачык сотту талап кылды


Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар жана алардын жакындары ачык сотту талап кылып жатат.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар жана алардын жакындары ачык сотту талап кылып жатат.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта жаткандардын жакындары сотту ачык өткөрүү талабы менен 24-апрелде акция өткөрүштү. Биринчи Май райондук сотунун алдына чогулгандар камакта жаткандарга кысым жасалып, айрым мыйзамдар бузулуп жатканын белгилешти.

2022-жылы октябрда камакка алынгандарга ушул күнгө чейин айыптоо актысы угузулуп бүтө элек. 24-апрелге белгиленген отурум айрым адвокаттар келбей калганына байланыштуу 30-апрелге жылды.

"Бийликти күч менен басып алуу" жана "Массалык башаламандыктар" беренелери боюнча айыпталып жаткандар күнөөсү жок экенин билдирип, саясий куугунтукка кабылганын айтып келет.

Сотту ачык өткөрүү талабы

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындары, тарапташтары 24-апрель күнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдына чогулду. 30дан ашык киши бир жылга чукулдап калган сот отурумдарын ачык өткөрүп, андан "жашыруун" деген грифти алып салууну талап кылышты. Алар ошондой эле жакындары камакта негизсиз кармалып турат деген пикир айтышты.

Азимбек Бекназаровдун бир тууган агасы Казымбек Бекназаров инисинин абалына тынчсыздануу билдирди:

"Биз бул жерге чындык үчүн келдик, чындык издеп жүрөбүз. Бирок чындык жок. Ачык сот өткөрүп, күнөөлүү болсо күнөөсүн айтсын. Эгер күнөөсү жок болсо, акташ керек буларды. Эмнеге кармайт? Буларды азыр абакта кыйнап, моюну-башын толгоп атышат. Ким жооп берет буга? Ал жерде кандайдыр бир көзөмөл болуш керек".

24-апрель, 2024-жыл. Бишкек. Акцияга чыккандар
24-апрель, 2024-жыл. Бишкек. Акцияга чыккандар

"Кыйноого кабылдык"

Азимбек Бекназаровдун президент Садыр Жапаровго жазган кайрылуусу 20-апрелде Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган. Ал үч гана адамга ылайыкташкан 15 чарчы метрлик ным жана сыз камерада жатканына 18 ай болгонун, кысымга кабылып жатканын жазган. Бул тууралуу ал 23-апрелде соттук отурумдан чыгып баратып да айткан:

"Ар бир хатада бир жумадан бери кийимибиз айрылып, тытышканга чейин бардык. Бирок баатырларча туруштук берип атабыз. Абактын кызматкерлерин кыйнап атышат, бирок алар чагымчылдыкка барган жок", - деди Бекназаров.

23-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын үчөөнү коргогон эки адвокат келбей калгандыктан, отурум кийинкиге жылган.

Бүгүнкү отурум да айрым адвокаттар келбей калгандыктан 30-апрелге белгиленди. Бирок сот залына алынып келген айыпталуучулар "ачык сот!" деп кыйкырып жатышты.

Чечимин негизсиз өзгөрткөн сот

Ачык сотту талап кылып чыккандардын арасында жарым жыл мурда үй камагына чыккан мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун жубайы Дамира Акматбекова да болду. Ал сот айыпталуучунун ден соолугуна байланыштуу бир ай мурда чет жерде дарыгерлерге көрүнүп келүүгө уруксат берип, бирок ал чечимин түшүндүрбөстөн кайтарып алганына даттанууда:

"Кемпир-Абадды "биздики" деп койгону үчүн баары ушу жерде акыйкатсыз жатышат, ден соолугу начарлоодо. Биз ошого кейип жатабыз. Сот дагы гумандуу болсо, ачык сот өтсүн. Мына, алты айдан бери соттук процесс бир орундан жылбай турат. Же ачык кылбайт, же элге ачыгын айтып түшүндүрбөйт. Биз демократиясы өнүккөн, сөз эркиндиги бар, адам укуктары жакшы сакталган өлкө катары эсептелинип келебиз. Тилекке каршы, бизди уккан киши жок болуп жатат".

Абактагы Жеңиш Молдокматов ооруканада дарыланууга муктаж
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:36 0:00

2022-жылы октябрда Кемпир-Абад иши боюнча 27 адам камалгандан бери алардын айрымдарынын жакындарына да психологиялык басым жасалып келатканын бул акцияга чогулгандардын айрымдары айтып жатты. Саясатчы Равшан Жээнбековдун карындашы Надира Жээнбекова буларга токтолду:

"Азыркы заманда чындыкты айткандардын ар бирин эле баса калып камап, коркутуп, кыйнап, соодалашып эле, күч көрсөтүү менен басынтуу иштери жүрүп жатат. Равшан Жээнбековдун туугандарына, жакындарына, өзүнө да кысым көрсөтүлүүдө", - деди ал.

Сот отурумдары

Адвокаттардын бири Кантемир Турдалиев буга чейинки сот жараяндары камактагылардын айрымдарынын адвокаттары келбей калганына карабастан өткөрүлгөн учурлар болгонун эске салды. Ал Жогорку Соттун дисциплинардык комиссиясына арыз жазылганын, бирок жооп келе электигин айтты.

Бийлик жана тиешелүү мекемелер акцияда айтылган талаптар тууралуу комментарий бере элек.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Кемпир-Абад маселеси боюнча камактагы отургандардын "саясий куугунтукка кабылдык" деп айткандарын четке какты:

"Мен буга чейин бир да адамдан моюнуна алганын уга элекмин. Ал тургай ууру да "мен ууру эмесмин, уурдаган эмесмин" дейт. Ал 30 жылдан бери айтылып келаткан кадимки эле сөздөр. Эми ал саясий куугунтук болсо, бир жылдан бери кайсы жеринен саясий куугунтук болуп атканы ачылат эле го. Бул катардагы эле, кадимки иш".

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Бир тобу үй камагына чыгып, азыр тогуз киши тергөө абагында отурат. Саясатчылар Равшан Жээнбеков менен Азимбек Бекназаров абакта психологиялык кысымга туш болуп жатканын ушул аптанын башында билдирген. Жаза аткаруу кызматы мындай дооматка жооп бере элек.


Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнда сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ага “жашыруун” деген гриф койгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып такса, камалгандар муну саясий куугунтук деп сыпатташат. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Кийинки отурум 30-апрелге белгиленди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG