Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Искендер Ормон уулу: Иран-Израил тирешинде эки өлкөнүн тең бийлиги утту


Искендер Ормон уулу
Искендер Ормон уулу

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал чыңалган бойдон калууда. Ондогон жыл бою “көмүскө кармашып келаткан” Израил менен Ирандын тиреши мурда болуп көрбөгөндөй курчуп, Ислам жумурияты биринчи жолу өз аймагынан Израилге сокку урду.

Дүйнөнүн көңүлүн буруп жаткан Жакынкы Чыгыштагы окуялар кандай нукта өнүгүшү мүмкүн? Иран менен Израилдин көздөгөнү эмне? Бул тиреш аймактык коопсуздукка кандай таасир этет? Бул тууралуу аймак таануучу Искендер Ормон уулу менен маектештик.

- Искендер мырза, Иран менен Израил куралдуу тиреши дагы кандай нукта уланышы мүмкүн?

- Акыркы окуялардын натыйжасында Жакынкы Чыгыш кайрадан геосаясаттын борборуна айланып калды. Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжал эл аралык коомчулукту да сестентип койду. Ирандын берген жообу жана андан кийинки учурларда эки мамлекет тең кырдаалга аябай кылдат мамиле кылып жатышат. Себеби ачык билдирип, “мен согуш ачтым же ушунча чыгым тарттым” деген сыяктуу дүйнө коомчулугунун жана ошол өлкөлөрдүн элинин алдында расмий билдирүүлөр жасалса, алардын аброю түшүп, кайрадан жооп берүүгө туура келип, мындай кайталанган кол салуулардын арты аймактык, андан соң дүйнөлүк жаңжалга айланып кетүү ыктымалдыгына байланыштуу этият мамиле кылып турушат. Бирок кээ бир ишараттарын, билдирүүлөрүн жетиштүү жасап жатышкандай.

Иран - Израил: Жакынкы Чыгышты согушка түрткөн тиреш (видео түшүндүрмө)

Иран-Израил: Жакынкы Чыгышты согушка түрткөн тиреш
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:12 0:00

- Эки тарап тең бул жаңжалдын тереңдеп кетишинен чочулап, ага жол берүүдөн карманып турат десек болобу?

- Албетте, ошондой. Бул окуя кандай башталды? Муну ким баштады дегенде тараптардын бири-бирин айыптап, өтмүшкө карап кете бере турган билдирүүлөрү көп. Бирок акыркы күчөгөн кол салуулар Израилдин тарыхында араб эмес өлкөдөн биринчи жолу катталып, аны коргонуу тарабында жаңыча ойлонууга түрткөн окуя болду. Буга Ирандын Сириядагы консулдугунун жардырылышы анын натыйжасында жети ирандык, жергиликтүүлөрдү кошкондо он адамдын набыт болушун, каза болгондордун аймактык саясат жүргүзүүдө, Ирандын көмүскө иштерин алып барууда таасирдүү адамдар болгонун эске алганда, Иран жооп берүүгө аргасыз болду.

Ирандын 14 генералы Израил катышкан ар кандай операцияларда жок кылынган. Бүгүнкү күнгө чейин Тегеран мындай аракеттерге ар кандай “өкүл согушкерлери” менен жооп берип келсе, бул окуя анын аброюн аябай түшүрүп ийе турган болгону үчүн алдын ала кабар берип, канча ракетаны, дрондорду учура турганын айтып, бул үчүн Америка менен көшөгө артында макулдашып, кайсы бир деңгээлде анын макулдугун алгандан кийин сокку урду.

Американын “кол баласынын” ролундагы Израилге Кошмо Штаттардын президенти Байден “болду, ушул абалды өзүңдүн жеңишиң катары кабыл ал” деди, бирок Израил буга карабай өзүнүн коргонуу саясатында, тарыхында жаңы ачылыш алып келгени үчүн муну менен анчейин макул болбогондой. Жаңы ачылыш дегенде Израил бүгүнкү күнгө чейин аскердик жана коргонуу мүмкүнчүлүктөрү эбегейсиз зор экенин айтып, дүйнө тарабынан да бул кабыл алынып келген.

Ирандын кол салуусу Израилди чоң зыянга учуратпаганы менен анын бүгүнкү беделине залака алып келди деген түшүнүктө болуп калышты. Ошонун негизинде биз жооп беришибиз керек деп, Ирандын Исфахан шаарындагы объектилерге сокку урганы кабарланып жатат. Бирок муну Иран дагы так айтпай, зыян тартпаганын белгилесе, Израил да сокку урганын анык билдирген жок. Дүйнө бул боюнча Израил өз жообун бергенин, Иран да зыян тартпаганын түшүнүп жатат.

Мындан ары аша чаап кете турган болсо өздөрү да токтото албай турган жаңжалга айланып кетиши мүмкүн деп өздөрү да чочулады, эл аралык коомчулуктун талабы да ушундай болду.

- Кырдаал ушуну менен турукташат деп күтсөк болобу? Же бул убактылуу гана көрүнүшпү?

- Израил түзүлгөндөн бери жана Иран 1979-жылы Ислам жумурияты болуп өзгөргөндөн тарта экөөнүн ортосундагы кастык токтобой келатат. Бири-бирине карата кол салуу коркунучу токтоду дегендик эмес. Азыр дүйнөдөгү жагдай, кырдаал ага жол бербейт. Америка Израил кандай болсо дагы анын артында турушу керек, анткени Израил Кошмо Штаттардын Жакынкы Чыгыштагы эң жакын өнөктөшү болуп эсептелет. Америкадагы президенттик шайлоодон мурда Кошмо Штаттардын согушка түз жана кыйыр катышуусу эч качан шайлоо алдындагы бийликке пайдасын алып келбейт. Ошондуктан бул азырынча тынч болуп турушу керек. Бирок бул толугу менен чечилип, тынчып калды дегендик эмес. Анткени көйгөйдү жараткан себептер дагы эле калып жатат.

Ушуга удаа эле Газадагы кырдаалга кайрылсак. Соңку учурда, айрыкча гуманитардык миссия менен жүргөн адамдар ЦАХАЛдын соккусунан каза болгондон кийин Израилдин дарегине сындар айтылып, анын өнөктөштөрүн да айыптагандар болду. Ирандын соккусуна жооп берүү да ушул айыптоолордон арылуунун бир амалы эмеспи? Анткени бул соккулардан кийин Израилге өнөктөш өлкөлөр анын коргонуусуна жардам бериле турганын айтып жатышат. Ирандын соккуларынын мизин кайтарууда да АКШ жана башка өнөктөш өлкөлөр салым кошту.

Бул жерде кризистик кырдаал эки тараптын элине болбосо да алардын учурдагы бийлиги үчүн пайдалуу болду. Анткени эки өлкөдө тең, өзгөчө Иранда эл экономикалык, саясий акыбалга эл ыраазы эмес. Бир жыл мурда эл жапырт көтөрүлүп, аны араң басышканын билесиздер.

Израилдин премьер-министри Нетаньяхунун абалы да оор. Анын партиясы көпчүлүк коалицияда турганы менен Израил Газага сокку урардан мурда анын кызматтан кетери айтылып жаткан. Газага сокку уруу анын кызматта калышына жана калктын кайсы бир деңгээлде коргонуу институттарын консолидациялоого мүмкүнчүлүк берди. Бирок баары муну менен басылып калган жок. Ал жактагы оппозиция дагы эле күчтүү, керек болсо парламенттин имараттын алдында түнөгөнгө чейин барып, өкмөттүн отставкасын талап кылып жатат.

Бирок соңку окуялар Газадагы кол салууларда эл аралык гуманитардык миссияда жүргөн жарандардын каза болушу боюнча маселени унуткарды. Дүйнөлүк коомчулук тарабынан басым болуп, жоопко тартуу, жардам берүүнү чектөө сыяктуу маселе көтөрүлө баштаган. Иран менен болгон жаңжал бул окуяларды артта калтырды. Мындан улам эки өлкөнүн бийлиги тең бул конфликттен утуш менен чыкты деп айтууга болот.

- Анда ким зыян тартты?

- Мындан эң чоң зыянды Газа эли тартып жатат. Курмандыктары 30 миңден ашып кетип, канчалаган балдар, аялдар набыт болду. Ошого карабай акыркы учурда жалаң Иран боюнча гана сөз жүрүп калды. Ага карабай Газага болгон соккулар уланып, каза болгондор бар, Рафахка чабуул жасашты. Бул чатактардан дүйнө коомчулугунун көңүлү да башка жакка бурулуп, апаатка кабылган карапайым калктын абалы унутулуп, эң көп зыянга учураган газалыктар болду деп жатышат. Бул – чындык.

- Газадагы согуш качан бүтөт? Газалыктардын алдыдагы тагдыры кандай болот?

- Газанын тагдыры оор абалда, мурда аларга жан тартып келген араб өлкөлөрү соңку кезде эч кандай жардам кыла албай калды. Бул мамлекеттик кызыкчылык, андан да маанилүүсү бийликте тургандардын кызыкчылыгына байланыштуу палестиналыктарга мурункудай колдоо көрсөтпөй жатат. Балким, бул үчүн эки тарап менен толук карта үчүн макулдашуу болгонбу деген суроо турат. Мен буга анчейин ишенбейм. Бирок утурумдук кызыкчылыктар үчүн сүйлөшүү болушу мүмкүн.

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган уюм) менен газалыктарды бөлүп кароо такыр мүмкүн болбой калган. ХАМАС Сауд Аравиянын, Египеттин жана башка бардык эле араб өлкөлөрүнүн бийлигинин жактырбаган, керек болсо алар кооптуу деп тааныган топ болуп калган. Ошол эле учурда бул топтун артында өзүнүн саясаты жана исламчылдык саясаты, согуштук кызыкчылыктары менен Иран турганы белгилүү болуп калган. Муну эске алганда дүйнө коомчулугу Газага жардам берейин десе, ХАМАС менен элди экиге бөлүп кароого мүмкүн эмес. Бул топ ачык жарыя менен Израилге кол салганы белгилүү. Ал эми Израил менен Газаны өз жайына коёюн десе, ал жерде канчалаган жаш балдар, аялдар коркунучта.

Мунун натыйжасында Батыш дагы өзүнүн моралдык үстөмдүгүн жоготуп койду. ХАМАС биринчи болуп кол салган чакта деле Газадагы ушунча көп сандагы балдарды, аялдарды өлтүрүү кандай негизде акталат? Же болбосо мынча көп сандагы өлүмдү эмне легитимдүү кылып бере алат? Эч нерсе. Ушундан улам ал чөлкөмдөгү таасирдүү өлкөлөр да, Батыш да моралдык үстөмдүгүн жоготуп атат. Израил деле Газаны "толук тазаладым" деген шартта да ал жерде маселе чечилбей, тескерисинче, курчуп жатат. Азыркы учурда дүйнөлүк деңгээлдеги адамзаттын ийгилигин алдыга чыгарган саясатчылардын дагы жоголуп бараткандыгы жана эч алдыга чыкпаган гумандуу саясаттын такыр эле көрүнбөй калгандыгы байкалып турат.

Азыр Газанын алдыдагы тагдыры боюнча божомол варианттарды гана айтууга болот. Газадагы жана Палестинадагы абалды араб өлкөлөрү жана коңшулары көрмөксөн болуп, “бармак басты, көз кысты” кылууда. Батыш өлкөлөрү Израилге кандайдыр бир геосаясий реалдуулуктарына байланыштуу жардам берип, артында турат. Иран канчалык колдоо көрсөттү дегени менен, анын саясатынын легитимдүүлүгү суроо туудурат. Мунун баары кайра эле Газа элинин ушунчалык дүйнөлүк саясаттын чаташкан, абалды оңдойм дегендердин өздөрүнүн “колу таза эмес болгон” жагдайга туш келип калганын көрсөтөт.

Газаны толугу менен тазалоо мүмкүн эмес, адамзаттын жан дүйнөсү азыр ал жердеги 2 миллион адамды жок кылып сала турганчалык төмөн түшө элек деп ойлойм. Ошол эле учурда Газа эли ХАМАСтын Израилге кол салганына чейинки убактагыдай да жашай албайт. БУУнун бүгүнкүгө чейин бир нече жолу ырастаганындай, ал жерди эки мамлекет түзүү гана тынчтыкка алып келет. Канчалык чоң жоготууга учуратса дагы бул чечим эки элдин тең узак мөөнөттүү кызыкчылыгы үчүн деп айтылып жатат. А бирок буга Израил көнбөй жүрөт. Бирок Рабиндин учурунда эки тарап ушундай шартка жакындаган (ред.: 1994-жылы ошол кездеги палестин лидери Ясир Арафат менен Израилдин мурдагы премьер-министри Ицхак Рабин Нобель сыйлыгын алган). Бирок ошонун айынан кол салууга дуушар болуп, өздөрүнүн атуулдары тарабынан өлтүрүлгөн. Натыйжада Газанын эли жана ошол чөлкөм радикалдардын курмандыгы болуп турат.

Израил ушунчалык тополоңдон кийин "Газаны жок кылсам баары тынчып калат" дегени менен, бул жердеги абалды диний ишеним менен баалагандар кала берет. Бул чөлкөм радикалдашуу, террордукка чейин баргандардын аймагы болуп калган. Ошол себептүү Израилдин мындай саясаты абалды курчутуп, террордук аракеттерди күчөтүшү мүмкүн. Натыйжада Израил жана анын эли өзүн коопсуз сезе албай турган абалга келип калат. Элестеткиле, Израилдин өзүнүн калкы 9 миллион болсо, анын тегерегинде Израилдин аракетин айыптаган 500 миллион калкы бар өлкөлөр турат. Мындай акыбалда тынчтыктын туруктуу орноп калышы кыйын. Ошол себептүү бул жердеги көйгөйдү эки өлкөлүү аймакка айландыруу менен гана чечүүгө болот. Башка чечимдер көйгөйдү убактылуу жайгарганы менен, чечилбей кала берет.

- Иран - Борбор Азия өлкөлөрүнүн жакын өнөктөшү. Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуй турган болсо чөлкөмдөгү өлкөлөр Тегерандын таламын талашууга аргасыз болгон абалга кептелбейби?

- Глобалдашкан учурда алыста жайгашкан, бизге тиешеси жок деген аймактагы окуялар да дүйнөгө таасир этет. Жакынкы Чыгыш географиялык жактан да дүйнө үчүн маанилүү жерде турат. Мисалы, кысыктар аркылуу өткөн эң чоң соода жолдорундагы кемелерди тороп койгон, сооданын жайлашына, токтошуна да алып келген учурлар бар. Мындай жагдай энергетикалык кымбаттоого алып келип жатат. Ошондой эле логистиканын да кымбатташын шарттайт.

Израил Иранга жооп бергенден кийин энергетикалык кымбаттоолор болуп кетти. Европада кээ бир биржаларда айрым бренддер 40% чейин кымбаттап кеткени байкалды. Ошондуктан глобалдашкан шартта мындай жаңжал экономиканын дээрлик бардык тармактарына терс таасирин тийгизет. Экономикада мунайдын кымбатташы бардык нерсенин баасынын жогорулашына жол ачат. Бул импорттоочу болгон Кыргызстан жана Борбор Азия үчүн маанилүү жагдай.

Бул окуялардын фонунда дүйнөдө геосаясий тирешүүлөр жүрүүдө. Эки өлкө жөнүндө сөз болуп жатканы менен, бир жагында Израил жана анын тарапташтары, экинчи жагында Иран өзүнүн тарапташтары менен болуп жатат. Ирандын өнөктөштөрүнүн катарында Орусия бар, Кытай да белгилүү бир деңгээлде сүр көрсөтүп жатат. Биз да Иран менен уюмдарга чогуу мүчөбүз. Ошону эске алганда, биздин ички позициябызга карабай, мүчө болгон уюмдарга карап. бир тарапты колдоого аргасыз болушубуз мүмкүн.

Бул маселе канчалык саясий жана геосаясий жагдай болгонуна карабай, диний мотив да алдыга чыгып жатат. Калктын бир бөлүгү бул жаңжалга диний ишеними менен карап, баалашы мүмкүн. Жалпылап алганда, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал бизге ушул факторлор аркылуу таасир берет.

Кыргыз бийлиги Газадагы кан төгүүнүн тезинен токтотууга үндөгөн билдирүү жасады, мен муну орундуу деп ойлойм. Мындан ары эл аралык, өзгөчө БУУнун чечимдери боюнча колдон келген аракеттерди жасап, жок дегенде билдирүүлөрдү жасап туруу негизги ишибиз деп ойлойм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG